СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенештин VII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 69
Бөжөй айылындагы мектептин участогунан бала бакча курууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Бөжөй айылынын айыл башчысы К.Мамасалиев маалымат берди. Анда Бөжөй айылына бала-бакча курууга 0,15га жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук сураган.
Бул маселени бардык депутаттар бир добуштан колдоого алышты .Жогорудагы биринчи маселе боюнча Суу-Башы айылдык кеңеши, 2023-жылдын 28-февралындагы VII чакырылышын кезектеги ХХVI сессиясындагы протоколунун негизинде токтом кылат:
1. Бөжөй айылындагы мектептин участкасына караган мурдагы эски мектептин жеринен 0,15га жер тилкесин бала бакча курууга бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин:
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешининтөрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүев |