Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 77 токтомуна) |
Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартиби (мындан ары - Тартип) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялардын жетекчиликке алуусу үчүн өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоону, бардык чыгымдарды системалуу каттоону уюштуруунун жана жүргүзүүнүн бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилейт.
2. Тартиптин максаты кызыкдар тараптардын толук катышуусунун жана көмөк көрсөтүүсүнүн негизинде этап-этабы менен иш-аракеттердин алгоритмин аныктоо жана зыянды, өзгөчө кырдаалдардан жана өзгөчө окуялардан келип чыккан социалдык-экономикалык терс кесепеттерди баалоодо жана талдоодо, чыгымдарды эсепке алуу жана каттоо процессин системалаштырууда методикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.
3. Өзгөчө кырдаалдардан жана өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, чыгымдарды эсепке алууну жана каттоону системалаштыруунун укуктук-уюштуруу негиздери "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарды классификациялоо жана аларды баалоонун критерийлери жөнүндө чечими жана Жарандык коргонуу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар менен аныкталат.
4. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды жана чыгымдарды баалоо төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн зарыл:
1) экономикалык жоготууларды жана башка социалдык-экономикалык терс кесепеттерди, өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын экономикалык көрсөткүчтөргө мүмкүн болуучу таасирин баалоону, иш менен камсыз кылуунун убактылуу кыскаруусун, жабыр тарткан жарандардын жана үй чарбаларынын кирешелеринин жана материалдык абалынын деңгээлинин төмөндөшүн;
2) өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик иш-чараларды, калктын жаракат алуусун азайтуу жана экономиканы этап-этабы менен калыбына келтирип баштоону;
3) экономикалык чыгымдарды жана өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттерди толук калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каржылоого муктаждыктарды;
4) жалпысынан өлкөнүн экономикасына, ички дүң продукцияга, экспорттун, импорттун, кирешенин, жакырчылыктын деңгээлине жана башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этүүсүнүн даражасына;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өлкөнүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн тышкары зарыл болгон эл аралык жардамды суроо жана алуу процессин демилгелөөнүн зарылдыгын.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) зыян - өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын таасиринин натыйжасында келип чыккан жабыр тарткан аймактагы болгон материалдык каражаттардын, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин жарым-жартылай же толук бузулушу;
2) чыгым - бул өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында келип чыгуучу өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттердин социалдык-экономикалык ишиндеги келип чыгуучу жагымсыз өзгөрүүлөр.
3-глава. Зыянды баалоо жана аны эсепке алууну системалаштыруу боюнча иштерди уюштуруу
6. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо, аны эсепке алууну системалаштыруу төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
1) карамагында объекттер турган менчигинин түрүнө карабастан уюмдар;
2) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, аткаруу бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары;
4) министрликтер, администрациялык ведомстволор.
7. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын жумушчу органы катары ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттердин ишин уюштурат жана координациялайт.
8. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо боюнча иш-чараларды убагында жана сапаттуу жүргүзүү аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя келип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.
9. Ар бир конкреттүү учурда тармакка/секторго/объектке жараша өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыяндын иш жүзүндөгү өлчөмү ведомстволук (тармактык, сектордук, объекттик) методикалардын/нускамалардын/колдонмолордун негизинде эсепке алуу маалыматтарына ылайык аныкталат жана системалаштырылат.
4-глава. Зыянды баалоо
10. Зыянды баалоо ар бир өзүнчө алынган өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя боюнча анын көлөмүнө, көрүнүштүн мүнөзүнө жана оордук даражасына карабастан ал пайда болгондон кийин жүргүзүлөт.
11. Зыянды баалоо өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын таасиринин натыйжасында жарым-жартылай же толугу менен бузулган материалдык каражаттардын, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан маанилүү жабдуу жана камсыздоо каражаттарынын сандык жана нарктык (акчалай) маанисин аныктоо процессин билдирет.
12. Зыянды баалоо этап-этабы менен өзгөчө кырдаалга же өзгөчө окуяга чейин болгон кырдаалды жана ал келип чыккандан кийин түзүлгөн кырдаалды салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
13. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, алмашууну жана берүүнү уюштуруу тартиби айрым тармактар, секторлор, объекттер боюнча баалоо принцибине негизделет.
14. Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо процесси секторлор боюнча өндүрүштүк жана социалдык багыттагы эң кичинекей/жөнөкөй сейрек объекттерден, турак жайдан, суу менен камсыздоодон, санитариядан, жер аянтынан, бак-дарактардан, электр берүү линияларынан жана таянычтарынан, байланыштан тартып кыйла масштабдуу өзгөчө кырдаалдарда ондогон/жүздөгөн объекттерге чейин өзүнчө башталат.
15. Апааттык кесепеттерге алып келген ири масштабдагы өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя келип чыккан учурда зыянды баалоо материалдык каражаттар, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттер таандык болгон экономиканын чакан секторлоруна, секторлоруна же тармактарына бөлүштүрүү менен ирилештирилген көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүлөт.
16. Зыяндын сандык мааниси физикалык чоңдуктарда жана өлчөө бирдиктеринде аныкталат.
17. Зыяндын нарктык (акчалай) мааниси өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя болгон учурга карата болгон өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын таасиринин натыйжасында жарым-жартылай же толугу менен бузулган объекттерди калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон орточо рыноктук баалар боюнча аныкталат.
18. Зыянды баалоо Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат, алардын курамына ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык объекттер/секторлор/тармактар боюнча өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоону жүргүзүү үчүн талап кылынган адистердин типтүү тизмегине ылайык зыянды баалоону талаптагыдай кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө жана негиздүү жыйынтыктарды берүүгө жөндөмдүү адис-эксперттер кирет же кошумча дайындалат.
19. Белгилүү бир аймактагы түзүлгөн кырдаалды, өзгөчө кырдаалдан же өзгөчө окуядан келтирилген зыянды баалоонун натыйжаларын чагылдыруучу расмий жыйынтыктоочу документ болуп Жарандык коргонуу боюнча комиссиясынын актысы саналат.
20. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын актысы:
1) комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт жана Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын төрагасы бекитет;
2) болгон өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя жөнүндө негизги маалыматты, өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуядан түздөн-түз келтирилген зыянды баалоонун натыйжаларын, калыбына келтирүү иштеринин наркын эсептөөлөрдү жана болжолдуу мөөнөттөрүн, калыбына келтирүүдөгү зыяндын жана чыгымдын жыйындысындагы мөөнөттөр боюнча жана акчалай түрдөгү муктаждыктардын баалоону, өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын кесепеттерин баалоо мезгилине карата тиешелүү корутундуларды, тыянактарды жана сунуштарды камтууга тийиш;
3) зарыл болгон тиркемелер - берилген маалыматты ырастаган жана түшүндүргөн тиешелүү документтер, таблица, тизме, маалымдама түрүндөгү, фото-, видео- жана башка материалдар менен толукталат;
4) материалдык эсептөөдө өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттеринин жалпы масштабын аныктоо үчүн бардык жабыр тарткан объекттердеги/секторлордогу жана тармактардагы келтирилген зыянды эсепке алат;
5) Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуянын кесепеттерин баалоо боюнча типтүү актысына ылайык түзүлөт.
21. Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар өз ишинде республиканын облустар, шаарлар, райондор жана айылдык аймактар боюнча секторлору боюнча баштапкы маалыматтарды пайдаланат. Бул маалыматтар тиешелүү ведомстволордо (министрликтердин, ведомстволордун түзүмдүк бөлүмдөрүндө), ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болот.
5-глава. Өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан чыгымдарды баалоо
22. Чыгымдар экономикалык жоготууларга жана социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин социалдык-экономикалык турмушундагы терс өзгөрүүлөргө алып келген өзгөчө кырдаалдардын таасиринин натыйжасында келип чыгат.
23. Чыгымдарды баалоо экономиканын тармактары/секторлору/объекттери боюнча бөлүштүрүү боюнча ирилештирилген макроэкономикалык көрсөткүчтөр боюнча апааттык кесепеттерге ээ масштабдуу (III-IV оордук даражасы) жана ири масштабдуу (V оордук даражасы жана трансчек аралык) өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурларда жүргүзүлөт.
24. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгымдарды баалоо алардын таасири аяктагандан, өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча авариялык-куткаруучу жана башка кечиктирилгис жумуштар жүргүзүлгөндөн кийин уюштурулат жана жүргүзүлөт.
25. Чыгымдарды баалоо экономикалык чыгымдардын нарктык (акчалай) маанисин жана социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин социалдык-экономикалык ишиндеги терс өзгөрүүлөрдү аныктоо процессин билдирет.
26. Чыгымдарды баалоо социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттердин, айыл чарба багытындагы жерлердин, суу менен жабдуу системаларынын жана өзгөчө кырдаалдардын таасиринен жабыр тарткан башка объекттердин социалдык-экономикалык иши толук калыбына келтирилгенге чейин улантылышы мүмкүн жана калыбына келтирүүнүн орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерин камтыйт.
27. Чыгымдарды баалоо өзгөчө кырдаалга чейин болгон кырдаалды жана өзгөчө кырдаал пайда болгондон кийин түзүлгөн кырдаалды салыштыруу аркылуу этап-этабы менен жүргүзүлөт.
28. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгымдардын наркы (акчалай) мааниси өзгөчө кырдаал келип чыккан учурдагы орточо рыноктук баалар боюнча аныкталат.
29. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген типтүү чыгымдарга төмөнкүлөр кирет:
1) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү менен байланышкан куткаруу, авариялык-калыбына келтирүү, эвакуациялык жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүүгө байланышкан күтүлбөгөн чыгымдар;
2) үй-жайсыз калган калкты убактылуу турак-жай, анын ичинде эмерек, жууркан-төшөк, коммуналдык жана башка кызматтар (суу, санитария жана гигиена, электр энергиясы, даараткана жана башкалар) менен камсыз кылууга кеткен чыгымдар;
3) урандыларды ылгоого, талкаланган объекттерди бузууга жана чыгарууга, убактылуу коммуникацияларды, инфраструктураны, жолдорду, көпүрөлөрдү курууга, айыл чарба жерлерин шилендилерден тазалоого ж.б. кеткен чыгымдар;
4) иштин токтотулушунан, өндүрүш секторлорунда өндүрүштүн жана сатуунун көлөмүнүн кыскарышынан улам алынбай калган пайда (айыл чарба, мал чарбачылыгы, балык чарбасы, өнөр жай, соода ж.б.);
5) өндүрүштүк чыгымдарды көбөйтүү жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн кирешелердин деңгээлин төмөндөтүү (билим берүү, саламаттык сактоо, суу менен камсыздоо, санитария, электр менен камсыздоо, транспорт, байланыш, туризм ж.б.);
6) өсүмдүк өстүрүү, мал чарбасы, токой жана балык чарбасынын объекттерин, ошондой эле башка социалдык-экономикалык объекттерди калыбына келтирүүгө кеткен чыгымдар;
7) жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү жана санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо боюнча медициналык мекемелердин чыгымдары.
30. Чыгымдарды баалоо Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялар тарабынан ишке ашырылат, алардын курамына тиешелүү кесиптик деңгээлде чыгымдарды баалоону талаптагыдай кесиптик деңгээлде жүргүзүүгө жана негиздүү жыйынтыктарды берүүгө жөндөмдүү адистер кирет же кошумча дайындалат.
31. Өзгөчө кырдаалдардан келтирилген чыгымдарды баалоонун натыйжалары төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн колдонулат:
1) социалдык-экономикалык кесепеттерди, өзгөчө кырдаалдардын экономикалык көрсөткүчтөргө мүмкүн болуучу таасирин, иш менен камсыз кылуунун убактылуу кыскаруусун, жабыр тарткан жарандардын жана үй чарбаларынын кирешелеринин жана материалдык абалынын деңгээлинин төмөндөшүн;
2) жабыр тарткан калктын жашоо-турмушун этап-этабы менен нормалдаштыруу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн өзгөчө кырдаалдарды жоюу боюнча зарыл болгон мамлекеттик иш-чаралар;
3) секторлордогу экономикалык чыгымдарды толук калыбына келтирүүнү жана өндүрүштүк жана социалдык багыттагы объекттерди калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон камсыздандыруу төлөмдөрүн каржылоого муктаждыктарды;
4) жалпысынан өлкөнүн экономикасына, ички дүң продуктка, экспорттун, импорттун, кирешенин, жакырчылыктын деңгээлине жана башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөргө таасир этүү деңгээлин.
6-глава. Зыяндарды жана чыгымдарды каттоону жана эсепке алууну системалаштыруу
32. Ар кандай мүнөздөгү, анын ичинде климаттык өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө кырдаалдардан келип чыккан зыяндарды, чыгымдарды каттоону жана эсепке алууну системалаштыруу процесси Жарандык коргонуу боюнча бардык комиссиялар тарабынан милдеттүү түрдө ишке ашырылат.
33. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында № 1-ӨК формасы боюнча өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыян жөнүндө отчеттуулуктун улуттук статистикалык формасы кошумча жүргүзүлөт.
34. Зыяндарды жана чыгымдарды каттоо жана системалуу эсепке алуу Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын чечимдеринин негизинде атайын журналдарда жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жүргүзүлөт. Журналдын жана электрондук алып жүрүүчүнүн форматтары Жарандык коргонуу боюнча тийиштүү башчынын чечими менен өз алдынча белгиленет.
35. Катталган өзгөчө кырдаалдар же өзгөчө окуялар жөнүндө бардык маалыматтар ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерде сакталат.
Жыл сайын, кийинки жылдын 25-январына чейин өзгөчө кырдаалдардан жана өзгөчө окуялардан келтирилген зыяндар жана чыгымдар жөнүндө маалыматтар Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга топтоо жана талдоо үчүн берилет.
36. Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын социалдык-экономикалык кесепеттерин болжолдоону жана баалоону үзгүлтүксүз негизде уюштурат жана жүзөгө ашырат.
|
| Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибине 1-тиркеме |
Объекттер/секторлор/тармактар боюнча өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо үчүн талап кылынган адистердин ТИПТҮҮ ТИЗМЕГИ
№ | Объект/сектор/тармак | Талап кылынган адис-эксперт |
1 | Өсүмдүк өстүрүү | Агроном |
Айыл чарбасынын инженер-агроному же инженер-механизатору | ||
Айыл чарба боюнча экономист | ||
2 | Мал чарбасы | Ветеринар |
Мал чарбасы боюнча экономист | ||
3 | Өнөр жай | Инженер-куруучу же инженер-технолог |
Өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу боюнча экономист | ||
4 | Соода | Курулуш инженери же архитектор |
Соода боюнча экономист | ||
5 | Туризм | Инженер-куруучу же архитектор |
Туризм боюнча экономист | ||
6 | Билим берүү | Архитектор же инженер-куруучу |
Социолог | ||
Экономист | ||
7 | Саламаттык сактоо | Архитектор же инженер-куруучу |
Врач | ||
Эпидемиолог | ||
Экономист | ||
8 | Турак жай, курулуш же кыймылсыз мүлк | Архитектор |
Инженер-куруучу | ||
Экономист | ||
9 | Суу менен камсыздоо жана канализация | Инженер-куруучу |
Инженер-сантехник | ||
Экономист | ||
10 | Электр менен камсыздоо | Инженер-куруучу |
Инженер-энергетик | ||
Экономист | ||
11 | Транспорт | Автомобиль жолдору боюнча инженер-куруучу |
Темир жол каттамынын инженери | ||
Транспорт экономисти | ||
12 | Байланыш | Инженер-куруучу |
Байланыш инженери | ||
Экономист | ||
13 | Макроэкономикалык талдоо | Макроэкономика жаатындагы адис |
Өнүгүү маселелери боюнча экономист | ||
Статистика | ||
14 | Кирешелерди талдоо | Эмгек экономикасы боюнча адис |
15 | Гендердик талдоо | Гендердик адис |
16 | Айлана-чөйрөнү коргоо | Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча экономист |
Эколог | ||
Токой чарба боюнча адис | ||
Биолог |
|
| Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоонун, аны эсепке алууну системалаштыруунун тартибине 2-тиркеме |
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ТИПТҮҮ АКТЫСЫ
|
| БЕКИТЕМИН |
|
| Комиссиянын төрагасы - Жарандык коргонуунун башчысы ________________________________________ (колу, аты-жөнү) 20___-ж. "___" _______________ М.О. |
___________________________________________________ Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын (райондун, шаардын аталышы) 20___ж. ___ ____________ болгон _________________________________________________________ (өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын түрү жана аталышы)
өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын кесепеттерин баалоо боюнча
20___ж. ___ ___________ № ____ АКТЫСЫ
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
________________________________________________________________________________________ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
________________________________________________________________________________________ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)
________________________________________________________________________________________ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Тартылган өкүлдөр (тармактык адис-эксперттер):
________________________________________________________________________________________ (кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталды:
1. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя жөнүндө жалпы маалымат:
Классификацияга ылайык табигый кырсыктын мүнөздөмөсү (өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын сыпатталышы): табигый, техногендик ж.б.) __________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
Метеомаалыматтар: абанын температурасы, шамалдын багыты жана ылдамдыгы м/с, нымдуулук %, жаан-чачындын түрү ___________, өлчөмү _______ мм.
2. Жабыр тарткан калк жөнүндө маалыматтар:
Жабыр тарткан калк жөнүндө толук маалыматтар (жынысы, курагы, майыптыгы боюнча)
______________________________________________________________________________________.
3. Инфратүзүмгө жана материалдык-техникалык базага келтирилген зыян жөнүндө маалымат:
Турак үйлөр жана административдик имараттар, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жол чарба (жолдор, көпүрөлөр, туннелдер, галереялар), энергетика объекттери (электр станциялары, трансформатордук подстанциялар, Электр берүү линияларынын таянычтары, электр берүү линиялары).
Гидротехникалык курулмалар (ГЭСтер, дамбалар, суу сактагычтар). Коммуналдык чарба, ирригация объекттери. Айыл чарба жана токой чарбасы, балык чарбасы.
Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуядан жабыр тарткан уюмдун толук аталышы, ИНН (ИУЖК), юридикалык дареги милдеттүү түрдө.
Жарандык коргонуу боюнча комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
______________________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрүнүн кол тамгалары:
Комиссиянын төрагасы:
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)
Тартылган өкүлдөр (тармактык адис-эксперттер):
______________________________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү)
М.О.
Эскертүү:
1. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын актысына объекттердин сыпаттама бөлүгүнө киргизилбеген маалымдама жана башка кошумча мүнөздөмөлөрү жана таблицалык маалыматтар тиркелет.
2. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын актысынын формасы типтүү болуп саналат, конкреттүү өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя актысына жана өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын ушул түрү таасир эткен органга тиешелүү актынын бөлүмдөрүн эске алуу менен толтурулат жана таризделет.