Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы N 77 токтомуна) |
Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү тартиби (мындан ары - Тартип) Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссияларды жетектөө үчүн өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин уюштуруунун бирдиктүү ченемдерин жана эрежелерин белгилейт.
2. Тартиптин максаттары кызыкдар тараптардын ар тараптуу катышуусунун жана көмөктөшүүсүнүн негизинде өзгөчө кырдаалды же өзгөчө окуяны, алардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди пландоо жана жүргүзүү болуп саналат.
3. Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда этабы менен калыбына келтирүүнүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) калыбына келтирүү аймагынын чектерин белгилөө менен өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын натыйжасында келтирилген зыянды жыйынды баалоо;
2) жабыр тарткан объектилерди жана инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө керектөөлөрдү реалдуу баалоо;
3) өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан жабыр тарткан калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын объекттерин жана инфратүзүмүн калыбына келтирүү боюнча этабы менен артыкчылыктарды белгилөө;
4) жөнөкөй өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя болгон учурда объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн жооптуу бирдиктүү мамлекеттик органды белгилөө;
5) өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын татаал жана масштабдуу түрлөрүндө социалдык объекттерди, жашоо-тиричилик камсыз кылуучу объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайды калыбына келтирүү жана реконструкциялоо үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды белгилөө;
6) калыбына келтирүү боюнча иштерди каржылоо булактарын жана бөлүп берүүнүн артыкчылыктарын белгилөө;
7) өзгөчө кырдаалдан же өзгөчө окуядан кийин калыбына келтирүү боюнча иштерди координациялоо механизмдерин белгилөө;
8) калыбына келтирүүнүн бардык этаптарын аяктоо мөөнөттөрүн белгилөө (кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилдер);
9) объектилерди, инфратүзүмдү жана турак жайды бүтүрүү жана тапшыруу тартиби.
2-глава. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр
4. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) калыбына келтирүү - калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча иштелип чыккан стратегиялардын жана пландардын, кызыкдар тараптардын ар тараптуу катышуусунун жана көмөктөшүүсүнүн негизинде өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын таасиринен жабыркаган калктын социалдык-экономикалык ишин, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди калыбына келтирүү;
2) калыбына келтирүү муктаждыктары - өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын таасиринен жабыркаган калктын социалдык-экономикалык ишин, социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди "мурдагыдан жакшыраак кылуу" принцибин колдонуунун негизинде калыбына келтирүүгө багытталган кыска, орто жана узак мөөнөттүү чараларды көрүү зарылдыгы;
3) мурдагыдан жакшыраак кылуу - өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен бузулган социалдык жана өндүрүштүк багыттагы объекттер жана жашоо-тиричилик сапаты жакшыртылган белгиленген курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келечектеги мүмкүн болуучу кырсыктарга максималдуу туруктуулугун камсыз кылууну эске алып, инновациялык технологияларды колдонуп, кыйла коопсуз райондорго көчүрүү мүмкүндүгү менен калыбына келтирет;
4) инфратүзүм - коомдук кызмат көрсөтүү системалары жана тармактары. Мындай кызмат көрсөтүүлөргө суу менен камсыз кылуу жана санитария, электр энергиясы менен камсыз кылуу жана инженердик коммуникациянын башка тармактары, ошондой эле чыгуулардын бардык түрлөрү үчүн транспорттук тармактар кирет;
5) өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюудагы кыска мөөнөттүү калыбына келтирүү мезгили - калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасын калыбына келтирүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын кесепетин жоюу үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы. Бул мезгилде келтирилген зыяндарды жана чыгымдарды баалоо жүргүзүлөт, өзгөчө кырдаалдын оордугунун даражасы жөнүндө маалыматтар түзүлөт жана катталат, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын зыянды жана чыгымдарды баалоо боюнча иши аяктайт. Узактыгы боюнча өзгөчө кырдаалдын оордугунун даражасына жана масштабына жараша 20 күнгө чейин созулушу мүмкүн (30 күн - III даражадагы оордук үчүн);
6) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюудагы калыбына келтирүүнүн орто мөөнөттүү мезгили - өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча иштерди аяктоо, өзгөчө кырдаалдын таасиринен жабыр тарткан имараттарды, үйлөрдү жана курулмаларды, инфратүзүмдү калыбына келтирүү, реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу процессине өтүү үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы. Бул мезгилде келтирилген зыянды жана чыгымдарды толугу менен баалоо, келтирилген зыян, чыгымдар жана калыбына келтирүү муктаждыктары жөнүндө маалыматтарды каттоону системага салуу, Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын баалоо боюнча иши аяктап, өзгөчө кырдаалдын таасиринен жабыр тарткан объекттерди калыбына келтирүүнүн негизги этабы башталат. Узактыгы боюнча өзгөчө кырдаалдын оордук даражасына жана масштабына жараша III даражадагы оордук үчүн - 30 күнгө чейин, IV даражадагы оордук үчүн - 120 күнгө чейин созулушу мүмкүн;
7) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда калыбына келтирүүнүн узак мөөнөттүү мезгили - объекттерди, инфратүзүмдү жана турак жайларды аяктоо жана тапшыруу боюнча иштерди жүргүзүү менен өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди аяктоо үчүн зарыл болгон убакыт аралыгы;
8) кырсыктардын тобокелдигин башкаруу системасы - кырсыктардын тобокелдигин азайтууну башкаруу, координациялоо жана көзөмөлдөө үчүн институттардын, жөнгө салуулардын, саясий жана укуктук алкактардын жана башка механизмдердин системасы;
9) кырсык тобокелдигин башкаруу - кырсыктардын жаңы тобокелдиктерин болтурбоо, учурдагы кырсык тобокелдиктерин азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну башкаруу үчүн туруктуулукту жогорулатууга жана кырсыктардан келтирилген зыянды азайтууга жөндөм түзгөн кырсык тобокелдигин азайтуу саясатын жана стратегияларын колдонуу.
3-глава. Калыбына келтирүү иштерин уюштуруунун негизги этаптары
5. Авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштер Кыргыз Республикасынын бардык административдик бирдиктеринде, уюмдарда, ошондой эле социалдык жана экономикалык мааниси бар объекттерде жүргүзүлөт.
6. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иштерди уюштуруу Жарандык коргонуунун тиешелүү башчыларынын чечимине ылайык ишке ашырылат, убакыт аралыгы менен чектелиши мүмкүн.
7. Өзгөчө кырдаалдардан калыбына келтирүү, алардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери өзгөчө кырдаалдардын масштабына, пайда болуу мүнөзүнө жана оордук даражасына жана калыбына келтирүү иштеринин көлөмүнө жараша Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен өзгөчө кырдаалдардын классификациясына ылайык оордук даражасына жараша жүргүзүлөт.
8. Калыбына келтирүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча иш-чаралары жүргүзүүгө муктаждык Жарандык коргонуунун тиешелүү башчыларынын түздөн-түз жетекчилиги менен демилгеленүүгө жана жүргүзүлүүгө тийиш.
9. Жарандык коргонуунун башчылары мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлик органдарынын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана бардык секторлордо чыгымдарды эсепке алуу, каттоо процессин системалаштыруу боюнча иштерин уюштурат жана координациялайт.
10. Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү, калыбына келтирүү иштерин аткаруу аймагында өзгөчө кырдаал же өзгөчө окуя пайда болгон Жарандык коргонуу боюнча комиссиялар үчүн биринчи кезектеги милдети болуп саналат.
11. Ар бир конкреттүү учурда тармакка/секторго/объектке жараша калыбына келтирүү муктаждыгынын иш жүзүндөгү өлчөмү ведомстволук (тармактык, сектордук, объекттик) методикалардын/нускамалардын/колдонмолордун негизинде эсепке алуу маалыматтарына ылайык аныкталат жана системалаштырылат, аларды зарылдыгына жараша ушул Тартиптин талаптарына ылайык келтирүү үчүн кайра иштелүүгө тийиш.
4-глава. Калыбына келтирүү муктаждыгын баалоо тартиби
12. Калыбына келтирүү муктаждыгын баалоо өзгөчө кырдаалдардын таасиринен келип чыккан зыянды жана чыгымдарды баалоонун натыйжасында алынган маалыматтарды пайдалануунун негизинде, "мурдагыдан жакшыраак кылуу" принцибин сактоо менен алдыда боло турган калыбына келтирүү иштерин милдеттүү түрдө эске алуу менен аныкталат.
13. Калыбына келтирүү муктаждыгын баалоо артыкчылыктарга жараша чакан секторлор, секторлор же тармактар боюнча муктаждыктарды баалоо принцибине негизделип, калыбына келтирүүнүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилдерине бөлүштүрүлөт.
14. Калыбына келтирүү муктаждыгы өзгөчө кырдаалдар болгон мезгилдеги орточо базар баасында сандык жана нарктык (акчалай) мааниде аныкталат, ошондой эле калыбына келтирүү мөөнөттөрү болжолдонот.
15. Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө бир жылдан ашык убакыт талап кылынган учурда, нарктык (акчалай) көрсөткүчтү аныктоодо орточо базар бааларынын мүмкүн болуучу өсүшүн жана бул мезгилге болжолдонгон инфляцияны эске алуу зарыл.
16. Калыбына келтирүү муктаждыгын баалоо Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиялар тарабынан ишке ашырылат, алардын курамына ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык объект/сектор/тармак (тандоо менен) боюнча өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан калыбына келтирүү иштерин баалоо үчүн талап кылынган адистердин Типтүү тизмесине ылайык талаптагыдай кесиптик деңгээлде баалоо жүргүзүүгө жана негиздүү жыйынтыктарды берүүгө жөндөмдүү адис-эксперттер кирет же кошумча дайындалышы мүмкүн.
17. Калыбына келтирүү муктаждыгы беш негизги компонент боюнча аныкталат:
1) жарым-жартылай же толугу менен кыйраган инфратүзүмдү жана физикалык объекттерди калыбына келтирүү муктаждыктарына турак үйлөр, ооруканалар, мектептер, административдик жана башка имараттар, курулмалар, жолдор, көпүрөлөр, энергетика объекттери, суу менен камсыз кылуу жана санитария, жылуулук жана газ менен камсыз кылуу, байланыш, турак жай-коммуналдык чарба объекттери, айыл чарба багытындагы жерлерди, токойлорду жана башка жерлерди калыбына келтирүү кирет;
2) ооруканалардын, фельдшердик-акушердик пункттардын, мектептердин, административдик жана башка социалдык объекттердин, энергетика объекттеринин, суу менен камсыз кылуу жана санитария, турак жай-коммуналдык чарба жана башка объекттерди жарым-жартылай же толугу менен бузулган жабдууларын жана мүлкүн "мурдагыдан жакшыраак кылуу" принциби боюнча калыбына келтирүү муктаждыгы;
3) өндүрүштү, кызмат көрсөтүүнү калыбына келтирүү жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде өзгөчө кырдаалдарга же өзгөчө окуяларга чейинки өндүрүш көлөмүнүн деңгээлине жеткирүү зарылдыгы, базарларга жеткиликтүүлүк, ишке орноштуруу, суу менен камсыз кылуу, санитария, саламаттыкты сактоо, тамактануу, билим берүү (мектептер жана мектепке чейинки мекемелер) жана башка ушул сыяктуу негизги кызмат көрсөтүүлөрдү жандандыруу муктаждыгы;
4) өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды уюштурууда жана жүргүзүүдө, калыбына келтирүү иштерин аткарууда маанилүү ролду ойногон мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жандандырууга багытталган башкаруу жана чечимдерди кабыл алуу процесстерин калыбына келтирүү;
5) табигый кырсык тобокелдигин жана келечекте мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдарга аялуулугун азайтуу боюнча заманбап IT-технологияларын, башка техникалык чечимдерди жана жабдууларды колдонууну, жаңы кырсыктардын пайда болушуна жол бербөөгө жана учурдагы тобокелдигин азайтууга багытталган алдын алуу иш-чараларынын комплексин, калдык тобокелдигин башкарууну, каршы туруу потенциалын чыңдоону жана тиешелүү түрдө туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууну камтыган чараларга муктаждык.
5-глава. Калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
18. Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жетектөө Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын аймактык жана тармактык принциптери боюнча жүктөлөт:
1) аймактык принцип боюнча - ишти башкаруу аймагында өзгөчө кырдаал болгон Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына анын оордук даражасына жараша жүктөлөт;
2) тармактык принцип боюнча - ишти башкаруу аймагында өзгөчө кырдаал болгон министрликтердин жана административдик ведомстволордун жетекчилерине анын оордук даражасына жараша жүктөлөт.
19. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жана калыбына келтирүү иштери уюштурулат жана төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) өзгөчө кырдаалдын келип чыгышына алып келген коркунучтуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, кыйроонун, табигый же башка кырсыктын таасири аяктагандан кийин;
2) өзгөчө кырдаалды пайда кылган факторлор чектелип, токтотулгандан кийин;
3) адамдардын өмүрүн, ден соолугун сактоого жана келтирилген зыянды азайтууга багытталган калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо жана/же көчүрүү, авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис жумуштар аяктагандан кийин;
4) өзгөчө кырдаал аймагында калктын жашоо-тиричилигин биринчи кезекте камсыз кылуу, калктын сууга, тамак-ашка, биринчи муктаждыктагы буюмдарга, медициналык кызмат көрсөтүүлөргө жана каражаттарга, коммуналдык-тиричиликтик кызмат көрсөтүүлөргө, турак жайга, транспорттук жана маалыматтык камсыз кылууга жана башкаларга болгон өзгөчө муктаждыктарын өз убагында канааттандыруу боюнча чаралар ишке ашырылгандан кийин.
20. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери - башкаруунун тиешелүү деңгээлдеги Жарандык коргонуунун башчылары өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча жетекчини дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат.
Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча иштердин жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимде ушул Тартиптин 19-пунктуна ылайык бардык иштер аяктагандыгы жөнүндө маалымат көрсөтүлөт.
21. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча негизги иш-чаралар жана калыбына келтирүү иштери этабы менен, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды жана чыгымдарды баалоонун натыйжаларын ар тараптуу талдоонун, калыбына келтирүү муктаждыгын аныктоонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Калктын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасын жана инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча айрым иш-чаралар жана иштердин түрлөрү өзгөчө кырдаал коркунучу жоюлгандан кийин дароо башталышы мүмкүн.
22. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жана объекттик (I даражадагы оордук), жергиликтүү (II даражадагы оордук) өзгөчө кырдаалдарда калыбына келтирүү иштери, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн объекттик жана жергиликтүү пландарын иштеп чыгуунун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
23. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери боюнча райондук (III даражадагы оордук), облустук, Бишкек жана Ош шаардык (IV даражадагы оордук), республикалык (V даражадагы оордук) өзгөчө кырдаалдар даражасындагы иш-чаралар өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштери боюнча стратегияларды жана ыкмаларды иштеп чыгуунун же имараттардын жана курулмалардын, инфратүзүмдүк объекттердин жүргүзүлгөн же колдонуудагы эсептөөлөрүнүн жана типтүү долбоорлорунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча иш-чаралардын жыл сайын такталган эсептик пландарынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
24. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү стратегияларында төмөнкүдөй негизги маселелер каралат жана аныкталат:
1) кооптуу табигый же техногендик кубулуштун, авариянын, кыйроонун, табигый же башка кырсыктын натыйжасында белгилүү бир аймакта түзүлгөн жагдай менен таанышуу;
2) тарыхый маалыматтарга таянып, өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды жана чыгымдарды баалоо жана калыбына келтирүү муктаждыгын аныктоо натыйжалары боюнча негизги тыянактар;
3) стратегиялык максаттар, милдеттер, мамилелер жана артыкчылыктар, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын негизги багыттары, негизги секторлор боюнча бөлүштүрүү менен калыбына келтирүүнүн кыска, орто жана узак мөөнөттүү мезгилдерине аларды ишке ашыруунун этаптары жана мөөнөттөрү;
4) "мурдагыдан жакшыраак кылуу" принцибинин негизинде калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнү эске алуу менен ишке ашыруунун, координациялоонун, инвестицияларды тартуунун жана финансылык камсыз кылуунун стратегиясы жана механизмдери;
5) күтүлгөн натыйжалар, ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
6) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү өзгөчөлүктөрүнө, масштабына, оордук даражасына жана көлөмүнө жараша башка маселелер.
25. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча эсептөө пландарында өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү боюнча алдыда боло турган иш-чаралардын өзгөчөлүктөрүнө, масштабына, оордук даражасына жана көлөмүнө жараша учурдагы жылга наркты эсептөө, калыбына келтирүүнүн кыска, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдердин этаптарына бөлүштүрүү, негизги секторлор жана башка аспекттер боюнча бөлүштүрүү менен милдеттер, иш-чаралар, күтүлүүчү натыйжалар, жооптуу аткаруучулар, ишке ашыруу мөөнөттөрү, каржылоо булактары жана көлөмдөрү, объекттер жана курулмалар боюнча типтүү долбоордук чечимдер каралат жана деталдуу аныкталат.
26. Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө калк жана ыктыярдуу куткаруу кошуундары "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун жана социалдык коргоо, иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын негизинде катышууга тартылышы мүмкүн.
27. Жарандык коргонуунун башчылары өздөрүнүн карамагындагы экономикалык ресурстарды, күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу менен жоюуга жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жогору турган органга жардам берүү жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга тийиш.
28. Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын күчтөрү жана каражаттары жетишсиз болгон учурда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн айрым аскердик бөлүктөрү жана бөлүмдөрү катыша алат.
29. Мамлекеттин экономикалык ресурстарын, күчтөрүн жана каражаттарын пайдалануу менен гана кесепеттерин жоюуга жана калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда эл аралык чукул жардам көрсөтүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана "Эл аралык чукул жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында ишке ашырылат.
30. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиялары өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуну жана калыбына келтирүү иштерин төмөнкүлөр менен биргелешип, өз ара аракеттенүү жана координациялоо менен уюштурат жана жүргүзөт:
1) мамлекеттик башкаруу жана Жарандык коргонуу жаатындагы бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо жаатында - Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
2) республикалык бюджеттен финансы каражаттарын бөлүү жана мамлекеттик сатып алуулар жаатында - ички аудит жана ички контролдоо чөйрөсүндөгү, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
3) медициналык жардам жана саламаттык сактоо жаатында - жарандардын ден соолугун коргоо жана медициналык камсыздандыруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
4) автомобиль, темир жол, суу транспорту жана жол жаатында - автомобиль, темир жол, электр жана суу транспорту, жол чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүчү, ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
5) мамлекеттик каражаттардын, гранттардын, кредиттердин жана эл аралык долбоорлордун эсебинен каржылануучу социалдык-маданий жана тиричилик багытындагы, билим берүү, саламаттык сактоо, өнөр жай-жарандык жана инженердик инфратүзүм, турак жай куруу, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу, санитария жана гигиена объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жаатында (бирдиктүү заказчы катары) - архитектуралык-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууларды чыгаруу чөйрөсүндө функцияларды ишке ашыруучу административдик ведомство менен;
6) айыл чарба, азык-түлүк, ветеринардык, фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу, айыл чарба өндүрүшүн калыбына келтирүү, тамак-аш өнөр жайы жаатында - агроөнөр жай комплекси, анын ичинде мал чарбасы, ветеринария, балык чарбасы (аквакультура), өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдүн карантини, жерлерди мелиорациялоо, жер ресурстары, сугаруу жана өндүрүш максатындагы суу ресурстары, ирригациялык жана мелиорациялык инфратүзүм, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, токой чарбасын башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
7) отун-энергетика комплекси, энергетикалык ресурстар, жылуулук энергетикасы жаатында - отун-энергетика комплекси жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
8) социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик мүлктү башкаруу, эл аралык гранттык жана техникалык жардамдарды тартуу жаатында - макроэкономикалык, соода, инвестициялык, тышкы экономикалык саясат, өнөр жай, мамлекеттик мүлктү башкаруу, жашыл экономиканы өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
9) курчап турган чөйрөнү, жаратылыш ресурстарын коргоого, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган иш-чараларды республикалык бюджеттин, атайын каражаттардын, фонддордун жана инвестициялардын эсебинен каржылоо жаатында - айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, жаратылыш ресурстарын, анын ичинде биологиялык ресурстарды, жер казынасын жана суу ресурстарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу жана координациялоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
10) калкты социалдык жактан коргоо, иш менен камсыз кылуу, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жана улгайган жарандарды колдоо жаатында - эмгек, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, калкты социалдык жактан коргоо, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын, балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды, улгайган жарандарды колдоо, социалдык камсыз кылуу жана гендердик теңчилик, миграция чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен;
11) билим берүү системасын калыбына келтирүү жаатында - билим берүү, илим жана илимий-техникалык иш, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын мамлекеттик контролдоо, жарандардын билим алууга конституциялык укугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен.
31. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын калыбына келтирүү муктаждыгын баалоо жөнүндө типтүү актысы ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык түзүлөт.
|
| Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибине 1-тиркеме |
Объекттер/секторлор/тармактар боюнча өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуялардан келтирилген зыянды баалоо үчүн талап кылынган адистердин ТИПТҮҮ ТИЗМЕСИ
№ | Объект/сектор/тармак | Керектүү адис-эксперт |
1 | Өсүмдүк өстүрүү | Агроном |
Инженер-агроном же айыл чарба инженер-механизатору | ||
Айыл чарба экономисти | ||
2 | Мал чарба | Ветеринар |
Мал чарба экономисти | ||
3 | Өнөр жай | Куруучу-инженер же инженер-технолог |
Өнөр жай өндүрүшүн уюштуруу боюнча экономист | ||
4 | Соода | Куруучу-инженер же архитектор |
Соода боюнча экономист | ||
5 | Туризм | Архитектор же куруучу-инженер |
Туризм боюнча экономист | ||
6 | Билим берүү | Архитектор же куруучу-инженер |
Социолог | ||
Экономист | ||
7 | Саламаттык сактоо | Архитектор же куруучу-инженер |
Врач | ||
Эпидемиолог | ||
Экономист | ||
8 | Турак жай, курулуш же кыймылсыз мүлк | Архитектор |
Куруучу-инженер | ||
Экономист | ||
9 | Суу менен камсыздоо жана канализация | Куруучу-инженер |
Инженер-сантехник | ||
Экономист | ||
10 | Электр менен камсыздоо | Куруучу-инженер |
Инженер-энергетик | ||
Экономист | ||
11 | Транспорт | Унаа жолдору боюнча куруучу-инженер |
Темир жол байланышынын инженери | ||
Транспорт экономисти | ||
12 | Байланыш | Куруучу-инженер |
Байланыш боюнча инженер | ||
Экономист | ||
13 | Макроэкономикалык талдоо | Макроэкономика тармагындагы адис |
Өнүгүү маселелери боюнча экономист | ||
Статистик | ||
14 | Кирешелерди талдоо | Эмгек экономикасы боюнча адис |
15 | Гендердик талдоо | Гендердик адис |
16 | Айлана-чөйрөнү коргоо | Айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча экономист |
Эколог | ||
Токой чарба боюнча адис | ||
Биолог |
|
| Өзгөчө кырдаалдардын же өзгөчө окуялардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын ТИПТҮҮ АКТЫСЫ
|
| БЕКИТЕМИН |
|
| Комиссиянын төрагасы - Жарандык коргонуунун башчысы ________________________________________ (колу, аты-жөнү) 20___-ж. "___" _______________ М.О. |
__________________________________________________ Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын (райондун, шаардын аталышы)
20___-ж. ___ _________ болгон ___________________________________________________________ (түрү жана аталышы)
өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын кесепеттеринен калыбына келтирүүгө муктаждыгын баалоо боюнча 20___-ж. ___ __________
№ _____ АКТЫСЫ
Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын курамы:
Комиссиянын төрагасы:
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
Тартылган өкүлдөр (тармактык адис-эксперттер):
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
Текшерүүнүн жүрүшүндө Жарандык коргонуу боюнча комиссия төмөнкүлөрдү аныктады:
1. Өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жалпы маалыматтар:
Табигый кырсыктын мүнөздөмөсү (өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуянын сыпаттамасы) классификацияга ылайык: табигый, техногендик ж.б.): _______________________________________________________
2. Жабыр тарткан калк жөнүндө маалыматтар:
Жабыр тарткан калк жөнүндө толук маалыматтар (жынысы, курагы, майыптыгы боюнча)
_____________________________________________________________________________________.
3. Инфраструктурага жана материалдык-техникалык базага келтирилген зыян жөнүндө маалыматтар:
- турак үйлөр жана административдик имараттар, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, жол чарба (жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер, галереялар), энергетика (электр станциялары, трансформатордук подстанциялар, электр берүү линияларынын тирөөчтөрү, ЭБЛ) объекттери;
- гидротехникалык курулмалар (ГЭСтер, дамбалар, суу сактагычтар). Коммуналдык чарба, ирригация объекттери. Айыл, токой, балык чарбалары.
Өзгөчө кырдаалдардан же өзгөчө окуядан жабыр тарткан уюмдун толук аталышы, ИНН (ИУЖК), юридикалык дареги милдеттүү түрдө.
4. Секторлор боюнча өзгөчө кырдаалдын же өзгөчө окуялардын экономикалык таасири жөнүндө алдын ала маалыматтар.
Материалдык зыяндын жалпы суммасы ________ миң сом; анын ичинен:
- жоготуулардын жана зыяндын жалпы суммасы ________ миң сом;
- калыбына келтирүүнүн жалпы суммасы: _________ миң сом.
Жарандык коргонуу боюнча комиссия төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
_____________________________________________________________________________________
_____________________________________________________________________________________
Комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору:
Комиссиянын төрагасы:
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
Комиссиянын мүчөлөрү:
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
Тартылган өкүлдөр (тармактык адис-эксперттер):
_____________________________________________________________________________________ (кызматы, колу, аты-жөнү)
М.О.
Эскертүү:
1. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын актысына ар бир бузулган объектке смета, фото жана башка материалдар тиркелет.
2. Жарандык коргонуу боюнча комиссиянын актысынын формасы типтүү болуп саналат, актынын конкреттүү өзгөчө кырдаалга же өзгөчө окуянын тармакка/секторго/объектке тиешелүү бөлүктөрүн эске алуу менен толтурулат жана таризделет.