ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2023-жылдын 1-декабры № 3
Өрүктү айылдык аймагында аткарылуучу курулуш иштерин каржылоо жөнүндө
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жыл 1-декабрындагы кезексиз ХII сессиясынын №1 жана №2 токтомдоруна ылайык жергиликтүү бюджеттин IV кварталга карата киреше бөлүгүнүн көбөйгөндүгүн эске алып айыл аймак башчысынын билдирүүсүнүн негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык Өрүктү-Сай айылындагы №18 Ж. Бешимов атындагы мектебинин жылытуу системасын кайрадан оңдоп түзөө жана Өрүктү айылындагы жаңы курулуп жаткан паркка фантан куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү максатында Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХII сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагында аткарылуучу курулуш иштерине акча каражаты төмөнкүдөй өлчөмдө бөлүнүп берилсин:
- Өрүктү-Сай айылындагы №18 Ж. Бешимов атындагы орто мектебинин жылытуу системасын кайрадан оңдоп түзөө үчүн 1 152,0 миң сом;
- Өрүктү айылында жаңы курулуп жаткан паркка фантан куруу үчүн 1 585,9 миң сом, бардыгы болуп 2 737,9 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын өз максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде каржылоо айыл аймактын финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмонбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |