КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 2-февралы № 33
2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2023-жылдын 1-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө герман тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-февралыдагы № 10 (3563)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |