Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 30-январы № 29
1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу (кабыл алынышы) тууралуу
1-берене.
1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга кошулсун (кабыл алсын).
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги БУУнун Башкы катчысы болуп саналган депозитарийге 1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулгандыгы (кабыл алгандыгы) жөнүндө грамотаны Конвенциянын талаптарына ылайык депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 2-февралыдагы № 9 (3562)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2023-жылдын 27-декабрында
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |