Редакцияот 28.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК  КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык  Кенештин  VlI чакырылышынын кезектеги    XXVIсессиясы

 

2023-жылдын 28-февралы № 71

 

Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө

 

Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө кайрак жерлерди өздөштүрүү боюнча калктын суроо талабын канааттандыруу боюнча маалыматты окуп жана талкуулап , Суу-Башы айылдык аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы токтом кылат:

 

1. Суу-Башы айыл аймагынын Айгүл-Таш айылы менен Кара-Булак айылынын чектешкен чек арасынан жаңы ачылып жаткан жер тилкесин муктаж жарандарга бөлүштүрүү жөнүндө кайрак жерлерди өздөштүрүү боюнча калктын суроо талабын канааттандыруу максатында  муктаж жарандардын арызын тактоо менен бир үй-бүлөгө  0,5 га дан 1 га  чейин жер бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы А. Бөрүевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

 

А.Бөрүев