Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

2024-жылдын 15-январындагы №1/1

 

1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

      

1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга карата аткарылышы жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышы боюнча 1-Май айыл Өкмөтүнүн берген отчетунун негизинде, 1-Май айылдык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:

         

1.     Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жороеванын 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча берген маалыматы эске алынсын;

 

2.     1-Май айыл Өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүндөгү аткарган иштери жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча берген отчету канаатандырарлык деп табылсын;

 

3.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

 

4.     Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

              

                             

 

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кулуев