Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 31-январы № 41
"Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун жоюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын аймагында маркалоонун айрым маселелерин жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун жоюу жол-жобосун белгиленген тартипте жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 87 "Маркалоо борбору" ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-февралындагы № 10 (3563) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |