Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

2024-жылдын 15-январындагы №1/2

 

1-Май айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

       “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы М. Шербаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1.     2024-жылга 1-Май айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 58967,5(элүү сегиз миллион тогуз жүз алтымыш жети миң беш жүз)сом өлчөмүндө бекитилсин;

 

2.     2024-жылга 1-Май айыл Өкмтүнүн атайын төлөм каражатынын кирешелери жана чыгашалары 1400,0(бир миллион төрт жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин;

 

3.     Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн:

-        Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү;

-        Бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну турмушка ашыруу;

-        Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу;

 

4.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

 

 

 

 

5.     Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөсүн.

          

                             

 

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кулуев