Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

2024-жылдын 15-январындагы №1/4

 

“1-Май Эмгек” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын 2024-жылга штаттык бирдиктерин жана жергиликтүү бюджеттен бериле турган субсидиянын көлөмүн бекитүү жөнүндө

      

       “1-Май Эмгек” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын 2024-жылга штаттык бирдиктерин жана жергиликтүү бюджеттен бериле турган субсидиянын көлөмүн бекитүү жөнүндө, 1-Май айыл Өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:

 

1.     “1-Май Эмгек” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги бекитилсин;

2.     Каржылоо булагы акы алып кызмат көрсөтүү жолу менен жүргүзүлсүн;

3.     “1-Май Эмгек” көп тармактуу муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен 5435,5(беш миллион төрт жүз отуз беш мин беш жүз) сом акча каражаты ажыратып берилсин;

4.     Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

5.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

6.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

                              

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кулуев