Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги I сессиясынын

 

2024-жылдын 15-январындагы №1/5

 

Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусунун негизинде материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

      

       Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 18-майындагы “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” №103 Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө” №352 токтомунун талаптарына ылайык, Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезектеги I сессиясы токтом кылат:

1.     Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрүнө жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна 5 (беш)даана заманбап боди камера, 5(беш) даана планшед жана тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо үчүн, 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 800 000(сегиз жүз миң) сом акча каражаты каралсын;

2.     Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

3.     Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн;

4.     Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

         

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кулуев