Редакцияот 05.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

1-МАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги II сессиясынын

 

2024-жылдын 5-февралы №2/1

 

Материалдык жардам көрсөтүү жана атайын техника сатып алуу жөнүндө

      

       Материалдык жардам көрсөтүү жана атайын техника алуу жөнүндө, 2024-жылы ПО “ВТ иСА” жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кайрымдуулук максатында материалдык колдоо көрсөтүү жана Үңкүр-Таш жоопкерчилиги чектелген ишканасынын эсебинен атайын техника сатып алуу үчүн бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, 1-Май айылдык кенешинин IX чакырылышынын 2024-жылдагы кезексиз II сессиясы токтом кылат:

     1.   2024-жылы ПО “ВТ и СА” жоопкерчилиги чектелген коомунун эсебинен тоголок жетим жана жарым жетим балдарга кайрымдуулук максатында 2024-жылга 1200,0(бир миллион эки жүз миң)сом акча каражатын, 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын эсебине кошумча бекитилсин;

     2.   Үңкүр-Таш жоопкерчилиги чектелган ишканасынын эсебинен атайын техника сатып алуу үчүн 3500,0(үч миллион беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп, 1-Май айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын эсебине кошумча бекитилсин;

     3.   Жогорудагы акча каражатын тиешелүү статьяга жайгаштыруу жана которуп берүү айыл аймактын ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн;

     4.   Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүү жагы 1-Май айылдык Кеңешинин катчысына жүктөлсүн;

     5.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

         

1-Май айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кулуев