Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 21-июлу № 78
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучусу К.Мамасалиевдин сунуштамасын кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн убактылуу милдетин аткаруучусу К.Мамасалиевдин 2023-жылдын 20-июлунда жазган сунуштамасын карап чыгып,Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХVIII сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылынын аймагынан күн батыш тарабынан Кожешкен дарыясынын жээгинен суу кампасын куруу учун 1,0га жер аянтын берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кенешинин төрагасы А.Бөрүевге жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Бөрүев |