КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын
2024-жылдын 2-февралы №18-4
“Тыт дарактарынын ижара өлчөмдөрү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/81 31-январь 2024-жылдагы катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги бак-дарак, анын ичинен тыт дарагынын 1 (бир) даана түбүнө ижара акысы 2024-жылдан тартып 50 (элүү) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |