Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2024-жылдын 2-февралы №18-7

 

“Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу ” жөнүндө

      

       Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16 01-февраль 2024-жылдагы кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 4, 13, 15, 25-беренелерин жетекчиликке алып, айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы Д. Кемпирбаев көчөсүндөгү №3-05-07-1013-0929 сыр белгисиндеги эски мечит ээлеген 0,07 га жер аянты муниципалдык менчике алынсын.

 

2.     Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3.     Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

                                

Төрага:      

Т. Джороев