Редакцияот 02.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын

 

2024-жылдын 2-февралы №18-9

 

“Мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги ата-энелердин бирдиктүү төлөмү ” жөнүндө

      

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Омурзаковдун кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдар үчүн ата-энелердин төлөмү 2024-2025-жылдар үчүн 1100 (Бир миң бир жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

2.     Токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт аймагындагы мектепке чийинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жүктөлсүн.

 

3.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Туу айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.gov.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

 

                                

Төрага:      

Т. Джороев