Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 258 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 79 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568, 2025-жылдын 4-февралындагы № 56, 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин (мындан ары - жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси) бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоонун (мындан ары - Конкурс) максаттарын, милдеттерин жана тартибин аныктайт.
2. Конкурс билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга, кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоонун негизинде жүргүзүлөт.
3. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти (мындан ары - Департамент) тарабынан жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Конкурсту уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди координациялоо конкурстук комиссияга жүктөлөт, анын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Комиссиянын түзүмү жана курамы:
- комиссиянын төрагасы - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- комиссиянын катчысы - билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан аныкталган жооптуу кызматкер;
- комиссиянын мүчөлөрү, анын ичинде:
- ыйгарым укуктуу органдын мектеп маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, билим берүү чөйрөсүндөгү көз карандысыз эксперттер.
6. Конкурстук комиссия:
1) Департамент менен бирдикте конкурс өткөрүүнүн мөөнөттөрүн аныктайт;
2) билим берүүнү башкаруунун райондук/шаардык (аймактык) органдары берген өтүнмөлөргө ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин түзөт жана бекитет жана Конкурсту жарыялайт;
3) Департамент берген отчетко ылайык Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тизмесин бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Жободо колдонулган түшүнүктөр, терминдер жана кыскартуулар төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:
1) квалификациялык талаптар - жаппы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин жана адистигинин деңгээлине, адистиги боюнча иш стажына, кесиптик билимине жана көндүмдөрүнө коюлган талаптар;
2) квалификациялык тестирлөө - талапкердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жана анын квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоого багытталган объективдүү жана ачык-айкын тестирлөө жол-жобосу;
3) конкурс - ушул Жобого ылайык өткөрүлө турган талапкерлердин компетенцияларын жана алар тарабынан берилген документтердин ушул Жобонун талаптарына шайкештигин баалоо жол-жобосу;
4) талапкер - жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордун ээлөөгө конкурска катышуу каалоосун жазуу жүзүндө билдирген жеке жак;
5) документтерди экспертизалоо - квалификациялык талаптарга шайкештигин тастыктоо жана квалификациялык тестирлөөгө уруксат берүү максатында конкурстан өтүү үчүн талапкер тарабынан берилген документтерди изилдөө жол-жобосу;
6) талапкердин компетенттүүлүгү - бул талапкердин белгилүү бир кесиптик милдеттерди чечүүгө жеке жөндөмү;
7) техникалык апелляция - талапкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыктарын текшерүү тартиби;
8) сыноо мөөнөтү - бул иш берүүчү жалпы билим берүү уюмунун жетекчисин ишти аткарууга жарактуулугун жана кесиптик сапаттарын текшерген убакыт аралыгы.
2-глава. Конкурстун максаттары жана милдеттери
8. Конкурстун максаты билим берүү чөйрөсүндө зарыл компетенцияларга, жогорку башкаруучулук сапаттарга, тиешелүү жогорку педагогикалык билими болгон адамдарды альтернативдүү атаандаштык негизде тандоо болуп саналат.
9. Конкурстун милдеттери жалпы билим берүү уюмдарынын жогорку кесипкөй башкаруучу кадрдык курамын түзүүгө багытталган мамлекеттик кадр саясатын жүзөгө ашыруу, билим берүү системасында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу боюнча иштин алкагында талапкерлердин кесиптик компетенцияларын жана жеке сапаттарын, алардын жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордуна коюлган кызматтык милдеттерге шайкештигин баалоону өркүндөтүү болуп саналат.
3-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө Конкурстун катышуучуларына коюлган талаптар
10. Жетекчинин бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурс бир мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмунда 5 (беш) жана андан ашык жыл иштеген бардык жетекчилер үчүн, ошондой эле жаңы эксплуатацияга кабыл алынган мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын бардык жетекчилери үчүн өткөрүлөт.
11. Конкурска катышууга жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга (1-тиркеме) шайкеш келген Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет:
1) педагогикалык жана (же) билим берүү чөйрөсүндө иштеген башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар;
2) жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы, анын ичинде директордун же директордун орун басарынын, же балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучунун, же социалдык педагогдун кызмат ордунда 1 жылдан кем эмес иш стажы бар;
3) башкы кызмат ордунда 2 жылдан, билим берүү органдарындагы улук жана кенже кызмат ордунда 2 жылдан; аймактык билим берүү органдарында методикалык кабинеттин жетекчиси же методист кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес стажы бар;
31) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмунда 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы бар;
4) атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
5) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды, жалпы билим берүү уюмунун ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин натыйжалуулугун баалоо жана персоналды башкаруу методдорун, документ жүгүртүү ыкмаларын, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттар менен коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын билген;
6) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билген;
7) билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билген, башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде IT технологияларын колдоно билген;
8) аракетке жөндөмдүү, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими чыгарылбаган;
9) соттуулугу болбогон;
10) медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
11) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөттүн ичинде педагогикалык иш менен алектенүү укугу чектелбеген.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Конкурска катышууга төмөнкү адамдарга жол берилбейт:
1) педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыраган же чектелген;
2) соттуулугу бар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык, экономикалык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан);
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
4) медициналык каршы көрсөтмөлөрү бар.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Конкурска катышууну каалаган талапкер ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталуучу тартипте документтерди тизмеге ылайык (сканерленген, электрондук түрдө) берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
131. Талапкер берилген документтердин ырастыгы жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Документтерди өз убагында бербөө, аларды толук эмес көлөмдө берүү талапкерди Конкурска катышуудан четтетүү боюнча негиз болуп саналат. Конкурстун талапкеринен жетишпеген документтерди талап кылууга тыюу салынат.
15. Талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бир гана бош кызмат ордуна талапкер боло алат.
Бир эле жалпы билим берүү уюмунда жетекчилик кызмат ордунда жалпысынан 10 жылдан ашык иштеген талапкер ошол эле жалпы билим берүү уюмунун жетекчилик кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катыша албайт.
16. Талапкерге төмөнкүдөй учурларда Конкурска катышууга жол берилбейт:
1) документтерди өз убагында тапшырбаса;
2) ушул Жобонун 11-пунктунун талаптарына жооп бербесе;
3) ушул Жобонун 13-пунктуна ылайык документтерди толук көлөмдө бербесе.
17. Талапкер документтердин көчүрмөлөрүн өзүнүн жеке электрондук почтасы аркылуу Департаменттин электрондук почтасына ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө жөнөтөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Конкурска документтерди кабыл алуунун мөөнөтү Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндү түзөт.
4-глава. Конкурсту жарыялоонун тартиби
19. Билим берүүнү башкаруунун региондук (аймактык) органдарынан түшкөн арыздардын негизинде ыйгарым укуктуу орган жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына Конкурс жарыялайт.
20. Конкурсту өткөрүү жөнүндө кулактандыруу ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
Конкурсту өткөрүү тууралуу кулактандырууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат орунунун аталышы;
- билим берүү уюмунун аталышы жана жайгашкан жери;
- бул кызматты ээлөөгө талапкерге коюлган квалификациялык талаптар;
- Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилген документтердин тизмеси жана аларды тариздөө талаптары, ушул Жобого ылайык тапшырыла турган документтерди кабыл алуучу жери, тартиби жана мөөнөттөрү;
- ыйгарым укуктуу органдын жана Департаменттин телефону, электрондук почтасы, сайтынын дареги;
- Конкурсту өткөрүү мөөнөтү, жери жана тартиби, ошондой эле башка маалыматтык материалдар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Конкурсту өткөрүү тартиби
21. Конкурс төмөнкү этаптардан турат:
1) биринчи этап - документтерди экспертизалоо;
2) экинчи этап - квалификациялык тестирлөө.
22. Биринчи этапта Департамент ушул Жобонун 18-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алуу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде аталган Жобонун 8 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигине экспертиза жүргүзөт.
Эксперттик комиссиянын курамына түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери, жарандык коомдун, коомдук кеңештин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер кирет.
Эксперттик комиссиянын курамы, алардын укуктары жана милдеттери Департамент тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Ушул Жободо белгиленген талаптарга жана ушул Жобого тиркелген жетекчинин кызмат ордуна талапкерлерге коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген талапкерлерге Конкурска катышууга жол берилбейт.
24. Документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу орган эки жумуш күндүн ичинде талапкерлерди квалификациялык тестирлөөнү (мындан ары - тестирлөө) жүргүзүүнү уюштурат.
25. Тестирлөөгө катышууга квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерге уруксат берилет. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат. Тестирлөө бирдиктүү система боюнча электрондук форматта жүргүзүлөт.
26. Биринчи этаптын жыйынтыгы боюнча Департамент:
1) документтери экспертизалоодон өткөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлердин тизмесин бекитет;
2) документтери экспертизалоодон өтпөй калган жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлердин тизмесин бекитет;
3) документтери экспертизалоодон өткөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлерге документтери экспертизалоодон өткөн жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилген талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде электрондук почта (телефон) аркылуу маалымдайт;
4) документтери экспертизалоодон өтпөй калган жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлерге документтери экспертизалоодон өтпөй калган жана Конкурстун экинчи этабына уруксат берилбеген талапкерлердин тизмеси бекитилгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде электрондук почта (телефон) аркылуу четке кагуунун себептерин көрсөтүү менен маалымдайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Экинчи этапта Конкурстун жол-жобосунун негизги бөлүгү болуп саналган тестирлөө жүргүзүлөт.
28. Тестирлөө кесиптик даярдыгынын, билим берүү, педагогика, психология, менеджмент, Кыргыз жараны концепциясы жана билим берүүдөгү каржылоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын билүүсүнүн, ошондой эле маалыматтык технологияларды билүүсүнүн деңгээлин баалоо максатында жүргүзүлөт.
29. Тестирлөөнү жүргүзүү тартибин жана графигин, тестирлөөнүн формасын жана босоголук баллын Департамент иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу орган бекитет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Департамент тестирлөөнү уюштуруу жана жүргүзүү боюнча төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:
1) тестирлөөнүн формасын жана босоголук баллын белгилейт;
2) тестирлөөнү жүргүзүү тартибин жана графигин аныктайт;
3) тестирлөөнү жүргүзүү боюнча нускаманы иштеп чыгат жана бекитет;
4) тесттик суроолордун базасын иштеп чыгат, түзөт жана жаңылап турат;
5) тесттик суроолорду бекитет;
6) тестирлөөнүн катышуучуларын каттоону жүргүзөт;
7) компьютердик тестирлөөнү жүргүзөт;
8) тестирлөөнүн жыйынтыктарын иштеп чыгат жана тестирлөөнүн протоколун түзөт;
9) талапкерге тестирлөөнүн жыйынтыгын берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Тестирлөө аяктагандан кийин жыйынтыктары дароо компьютердин экранында көрсөтүлөт.
32. Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкерге Департамент тарабынан алган баллын көрсөтүү менен төмөнкү жазуулары бар протокол берилет:
- тесттеги бардык тапшырмалар: _______, алардын ичинен туура: _______, туура эмес: _______, жыйынтык: ____%.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Департамент тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча талапкердин документтерин (зарылдыгына жараша) жана алган баллы протоколдорду ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Талапкерлердин арасында тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп сандагы балл алган талапкер Конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат. Эгерде Конкурстун бир нече катышуучусу бирдей балл алса, анда талапкерлердин каалоосу боюнча ошол эле күнү негизги тестирлөөнүн суроолорунун санынын үчтөн биринен ашык эмес көлөмдөгү кошумча тестирлөө жүргүзүлөт.
Негизги тестирлөөдөн кийин жана кошумча тестирлөөдөн кийин босоголук баллдан эң жогорку балды алган талапкер Конкурстун жеңүүчүсү болот.
35. Конкурстун жеңүүчүсү мөөнөттүү эмгек келишимин түзүүдөн баш тарткан, сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн, ошондой эле Конкурс өткөн жок деп таанылган учурда ыйгарым укуктуу орган 5 жумуш күндүн ичинде кайрадан Конкурс жарыялайт.
36. Конкурс төмөнкү учурларда өткөн жок деп таанылат:
- Конкурска катышууга талапкерлердин арыздары жок болсо;
- бардык талапкерлер өздөрүнүн талапкерлигин алып коюу тууралуу арыздарын беришсе;
- Конкурска бардык талапкерлер келбей калышса;
- талапкерлер босоголук баллды албай калышса;
- эгерде эң көп балл алган талапкердин жыйынтыктары жокко чыгарылса.
(Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
361. Эгерде талапкер Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшырууда же тестирлөөдөн өтүүдө ушул Жобонун талаптарын бузса жана бул бузуулар тестирлөө өткөрүлгөндөн кийин аныкталса, конкурстук комиссия өзүнүн чечими менен талапкердин жыйынтыктарын жокко чыгарат.
Жыйынтыгы жокко чыгарылган талапкер (соттуулугу бар талапкерден башка) Конкурска жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга өбөлгө болгон себептер четтетилгенден кийин катыша алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
6-глава. Техникалык апелляция
37. Конкурстун жыйынтыктары менен макул болбогон учурда талапкер техникалык апелляция берүүгө укуктуу. Техникалык апелляцияга арызды талапкер тестирлөө жүргүзүлгөн жерде, ал аяктагандан кийин бир сааттын ичинде жеке өзү тариздейт.
38. Техникалык апелляция 5 мүчөдөн ашпаган сандагы техникалык комиссия тарабынан жүргүзүлөт. Техникалык комиссиянын төрагасы жана курамы, ошондой эле иштөө регламенти Департамент тарабынан бекитилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Департамент техникалык комиссияга апелляция берген талапкердин катышуусунда компьютердин экранына анын жыйынтыгын, жоопторун жана алынган баллдын ылайык келишин аныктоо үчүн тесттин ачкычтарын көрсөтөт. Арызды кароонун жыйынтыктары протокол менен таризделет, аларга техникалык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коёт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
40. Техникалык комиссиянын ишинин материалдарын архивдик сактоо 1 жылдык мөөнөткө белгиленет.
7-глава. Конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу
41. Департамент:
1) Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө отчетту конкурстук комиссияга берет;
2) Конкурстун жеңүүчүсү аныкталган учурдан тартып өзүнүн расмий сайтында Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү жайгаштырат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Ыйгарым укуктуу орган:
1) Конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жеңүүчүнү республикалык бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна аны менен эмгек келишимин түзүү менен 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындайт;
2) Конкурс аяктагандан кийин 3 жумуш күндүн ичинде жеңүүчүнү кийин жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо үчүн региондук (аймактык) билим берүү органына Конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалымдайт.
43. Райондук/шаардык (аймактык) билим берүү органы кабарламаны алган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде Конкурстун жеңүүчүсүн аны менен эмгек келишимин түзүү менен жергиликтүү бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна 6 айдан кем эмес сыноо мөөнөтү менен дайындайт.
431. Эмгек келишимдери Конкурстун жеңүүчүсү тарабынан билими жөнүндө документтер (алардын тиркемелери менен) "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик форматта, ал эми техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо - алардын түп нускалары, ошондой эле электрондук эмгек китепчеси, же болбосо техникалык мүмкүнчүлүк жок болсо, эмгек китепчесинин түп нускасы берилгенде гана түзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 570 токтомунун редакциясына ылайык)
44. Тестирлөөнүн протоколдору жана Конкурска берилген документтер иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерине ылайык Департаментте 5 жыл бою сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
8-глава. Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу тартиби
45. Жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо Конкурстун жыйынтыгы боюнча 6 айлык сыноо мөөнөтү менен жүзөгө ашырылат. Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин Конкурстун жеңүүчүлөрү менен 5 жылдык мөөнөткө мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт же ээлеген кызмат ордунан бошотулат.
46. Бир эле адам бир эле жалпы билим берүү уюмунда жалпысынан 10 жылдан ашык жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин ишин жүзөгө ашыра албайт.
47. Сыноо мөөнөтүнөн өтпөгөн жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери Конкурска 1 жылдан кийин катыша алышат.
48. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин ыйгарым укуктары белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин, ошондой эле төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда токтотулат:
1) сыноо мөөнөтүнүн канааттандырарлык эмес жыйынтыктары;
2) жеке арыз бергенде;
3) ал тарабы болуп саналган кызыкчылыктардын кагылышын болтурбоо жана (же) жөнгө салуу боюнча өз убагында иш-аракеттерди жасабаганда;
4) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган негиздер боюнча;
5) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмү болгон учурда;
6) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
9) аны өлдү же дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
49. Сыноо мөөнөтү аяктаганга чейин эмгек келишимин бузуу, жалпы билим берүү уюмунун жетекчисин кызмат ордуна которуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлерге КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 56 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар (мындан ары - квалификациялык талаптар) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даярдалды.
2. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билиминин деңгээлине, иш стажына жана кесиптик компетенцияларына карата белгиленет.
3. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жараны дайындалат:
1) педагогикалык жана (же) башка адистик боюнча тиешелүү жогорку кесиптик билими бар, билим берүү чөйрөсүндө иштеген;
2) жалпы билим берүү уюмунда 7 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы, анын ичинде директордун же директордун орун басарынын, же балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучунун, же социалдык педагогдун кызмат ордунда 1 жылдан кем эмес иш стажы бар;
3) башкы кызмат ордунда 2 жылдан, билим берүү органдарындагы улук жана кенже кызмат ордунда 2 жылдан; аймактык билим берүү органдарында методикалык кабинеттин жетекчиси же методист кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес стажы бар;
31) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жайгашкан жалпы билим берүү уюмунда 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы бар;
4) атайын педагогикалык билими жана адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар (ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн атайын жалпы билим берүү уюмдары үчүн);
5) аракетке жөндөмдүү, ага карата аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери жок;
6) соттуулугу жок;
7) медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок;
8) мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен аныкталган мөөнөт ичинде педагогикалык иш жүргүзүү укугу чектөөлөрсүз.
4. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасында жалпы мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү уюмунун билим берүү, илимий ишин, ишин пландоонун жана контролдоонун формаларын уюштуруунун жалпы принциптерин, уюмдун ишинин жана персоналды башкаруунун натыйжалуулугун баалоо методдорун, документ жүгүртүүнүн, ички тартип эрежелерин, административдик жана жарандык мыйзамдарды, билим берүүдөгү каржылоону, мектептик билим берүү маселелери боюнча мамлекеттик институттардын жана коомдук уюмдардын укуктарын жана функцияларын регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларды;
2) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын;
3) билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун, билим берүү сапатын жогорулатууну;
4) башкаруу чечимдерин оперативдүү кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана чыгып сүйлөө, колдонуучу деңгээлиндеги IT-технологияларын билүү көндүмдөрүн билүү.
5. Төмөнкүлөр жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси боло албайт:
1) педагогикалык иш жүргүзүү укугунан ажыратылгандар же чектелгендер;
2) соттуулугу барлар, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, эркиндигине, жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине, конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык, экономикалык жана башка кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган соттуулугу барлар (жоюлганына карабастан);
3) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылгандар;
4) медициналык каршы көрсөтмөлөрү барлар.
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине |
|
| Аты-жөнү: жашаган дареги: байланыш телефону: электрондук почта |
АРЫЗ
Мага (билим берүү уюмунун жетекчисинин бош кызмат ордунун аталышы) бош кызмат ордун ээлөөгө Конкурска катышууга уруксат берүүңүздү суранам
Арызга төмөнкү документтерди тиркейм:
1.
2.
3.
4.
5.
6.
7.
8.
9.
10.
Дата
Аты-жөнүн көрсөтүү менен кол тамга
|
| Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берүү
Мен, аты-жөнү (толук), _________________________________________________________________,
паспорттун сериясы _______ номери _______, ким тарабынан жана качан берилген ______________ _______________________________________________________________ дареги боюнча жашаган:
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
анкетада жана резюмеде көрсөтүлгөн менин жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулмун.
Мен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун 10-пунктуна ылайык мен Конкурска берген документтер Конкурс аяктаган күндөн тартып беш жыл бою Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматтар базасында жана архивинде сакталары, андан кийин колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жок кылынары тууралуу кабардармын.
Мени мамлекеттик же муниципалдык уюмдун жетекчиси кызмат ордуна дайындалган шартта менин жеке маалыматтарым Конкурс аяктаган күндөн тартып беш жыл бою Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү үчүн жеткиликтүүлүгү чектелүү болушуна жана персоналды тандоо, ротациялоо, окутуу жана өнүктүрүү маселелерин чечүү, маалыматтар базасын жүргүзүү үчүн колдонулушуна макулмун.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу деп "Жеке мүнөздөгү маалыматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруунун алкагында жеке маалыматтар менен болгон аракеттер (операциялар), атап айтканда жеке маалыматтарды системалаштыруу, топтоо, сактоо, тактоо, жаңылоо, өзгөртүү, колдонуу, өткөрүп берүү, жок кылууну түшүндүрөрү тууралуу кабардармын.
__________________________ Кол тамга | ____________________________________ Аты-жөнү | ______________________ Дата |