СУУ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 80
Суу-Башы айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Асылзат” шайыр апалар тобунун жетекчиси Топчубаева Бурмагүлдүн билдирүүсүн кароо жөнүндө
Суу-Башы айыл өкмөтүндө түзүлгөн “Асылзат” шайыр апалар тобунун жетекчиси Топчубаева Бурмагүлдүн билдирүүсүн карап чыгып 2023-жылдын 13-апрелиндеги билдирүүсүнүн негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет боюнча туруктуу комитетинин мүчөлөрү, жалпы депутаттар билдирүүнү жана бюджет комитетинин торогасынын пикирин угуп талкууга алып, Суу-Башы айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактап айтканда 3112 беренесиндеги акча каражатын 2214 бөлүмүнө “Асылзат”шайыр апалар тобунан түзүлгөн 10 (он) шайыр апалар үчүн улуттук кийимдер менен камсыз кылуу үчүн, 90(токсон мин) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго жана айылдык кеңештин төрагасы А.Бөрүевге тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Бөрүев |