Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 29-декабры № 734
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:
- 1-пункттун 1-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- региондорду өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана аймактык-мейкиндик пландоо;";
- 12-пункттун 1-пунктчасынын он биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- региондорду өнүктүрүү, административдик-аймактык түзүлүш жана аймактык-мейкиндик пландоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 2-пункттагы "206", "45" деген цифралар тиешелүү түрдө "210", "41" деген цифраларга алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |