УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Үч-Коргон айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 27-февралы № 1/3
Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларына колдонулуучу К-3 коэффицентин бекитүү жөнүндө.
“Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” №339-статьясынын 4-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысынын билдирүүсүн үгүп жана талкуулап Бириккен Үч-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылга Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу пункттардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын диференциялоо үчүн колдонуучу К-3 экономикалык баалоо коэффицентин төлөө төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
№ п/п | Салык толоочу физикалык жана юридикалык жактардын Аттары, дареги. | К-З Коэффицент |
1. | Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан калктуу конуштардын тамарка салыгы боюнча Салык Кодексинин №341-беренесинин 3-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*П*Кз боюнча эсептелинет | 1. |
2. | Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мекеме ишканалар жана кен байлыктарынан (карьерлер) пайдалануучу ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*Ки*Кз*Кк боюнча эсептелинет | 2. |
3. | Бириккен Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан бардык соода түюндөр, коомдук тамактануу жайлары, АЗС, СТО, аптека, элди тейлоочу жана башка ишканалар Салык Кодексинин №341-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкү формула Н=С*Ки*Кз*Кк боюнча эсептелинет. | 2. |
|
|
|
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Б.Юрсунов |