Редакцияот 16.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көтөрмө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXIV- сессиясы

 

2024-жылдын 16-февралы № 34/4

Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Айылдык ден соолук комитетинин «Кызыл-Булак-2» АДК нин «Туура тамактануу-сергек жашоо негизи» долбоорун колдоо жөнундө

Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Көтөрмө айылдык Кенешинин сессиясы

                                                Токтом кылат:

1. Швейцария өкмөтүнүн каржылоосу менен «Хелси Фьючер» КБ тарабынан ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасында жугуштуу эмес ооруулардын алдын алуу» долбоорунун алкагында «Кыргызстан айылдык ден соолук комитеттери» ассосациясы арасында чакан гранттар Программасына ылайык Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Айылдык ден соолук комитетинин «Кызыл-Булак-2» АДК нин «Туура тамактануу-сергек жашоо негизи» долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттын негизинде Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясынын ашканасына стол, үстөл сатып алууга өздүк салым катары Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 1-январь 2024-жылга карата  калган акча каражатынан  52 000 (элүү эки миң) сом бөлүнүп берилсин.

2.. Керектүү каражатты болуп берүү жагы ФЭБ нүн башчысы У. Мадумаровго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Бактыбаев