Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын
2024-жылдын 1-февралы № 236
Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Айылдык Кенештин төрагасынын Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-планы бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жеке өзүмдүн көзөмөлүмө коюлсун.
Төраганын орун басары |
| М.Э.Темиралиева |
|
| Арал айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-февралындагы № 236-токтомуна №1 тиркеме |
Арал айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына түзүлгөн иш-чаралардын планы
№ | Аткаылуучу иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Аткарууга жооптуулар | Эскертүү |
1 | 2023-жылдын бюджетинин аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын январь айы | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
2. | Арал айыл аймагынын 2023-жылга пландалган социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-пландын жана 2023-жылга белгиленген инвестициялык планын аткарылышын талдоо жана сессияга сунуштоо. | 2024-жылдын январь -февраль айлары | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
3 | Арал айыл аймагынын 2024-жылга социалдык - экономикалык өнүгүүнүн приоритеттүү багыттары боюнча түзүлгөн иш-планын жана 2024-жылга белгиленген инвестициялык планын карап чыгуу жана сессияга бекитүүгө сунуштоо
| 2024-жылдын январь -февраль айлары | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
4 | 2023-жылга айыл өкмөтүнүн айыл чарба техникаларынын ижара акысынын толук төлөнүшүн камсыз кылуу жана жазгы айдап -себүү иштерине карата даярдыгы боюнча иш жүргүзүү | 2024-жылдын март-апрель айлары | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
5 | 2023-жылы башталган долбоорлордун аткарылышы боюнча маалыматты сессияга сунуштоо | 2024-жылдын март-апрель айлары | Бюджет,жер жана агрардык маселелер боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
6 | Айыл аймагында айыл чарба техникаларынын ээлеринин мал багуучулардын элге кызмат көрсөтүүсүнүн наркын иштеп чыгуу жана Жалпы Элдик жыйынга, Айылдык Кеңештин сессиясына сунуштоо жана бекитүү | 2024-жылдын март-апрель айлары | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
7 | Соц. контрактын негизинде иш алып баруу боюнча кайрылган жөлөк пул алуучулардын долбоорлору менен таанышуу жана Талас райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунуштоо | 2024-жылдын май-июнь айлары | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
8 | 2023-жылы келген даректүү жардамдардын бөлүштүрүлүшү жана жеткирилиши боюнча мониторинг жасоо жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын май-июнь айлары | Социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданиятты өнүктүрүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
9 | Айыл тургундарынын ирригация мезгилиндеги көйгөйлүу маселелери боюнча жеринде талдоо иштерин жүргүзүү жана сессияга сунуштоо | 2024-жылдын май-июнь айлары | Транспорт, коммуникация жана кызмат көрсөтүү боюнча тармактык туруктуу комиссиясы
|
|
Жооптуу катчы |
| К.Ибраимова |