Редакцияот 16.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айылдык кеңешинин VII-чакырылыш кезектеги XVII сессиясы

 

2024-жылдын 16-январы № 17/6

Чаувай  айыл аймагынын  Н.Анназарова көчөсүндөгү № 39- шахтадан чыккансуунун    көлөмүн көбөйтүү  максатында  завал болуп тосуп калган таш топуракты ташып чыгаруу жана тазалоо”долбооруна акча каражатын

бөлүү  жөнүндө                                             

      

       Чаувай айылдык  Кеңешинин кезектеги  чакырылган 17- сессиясынын күн тартибиндеги маселени карап  чыгып , талкуулап  Чаувай айылдык кеңеши төмөнкүдөй

 

                                            Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.   Чаувай айыл аймагынындагы   “Чаувай айыл аймагынын   Н.Анназарова көчөсүндөгү № 39- шахтадан чыккан суунун көлөмүн көбөйтүү максатында завал болуп тосуп калган таш топуракты ташып чыгаруу жана  тазалоо.” долбооруна   100 000   акча каражатын2024-жылдын  бюджетине  бекитилсин.

 

2 . Каралган акча каражатын  максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн .

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  бюджет, экономика  жана өнөр жай маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

 

Чаувай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А.Юсупов