Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 1-февралы № 238

 

Дем берүүчү (үлүштүк ) грантка жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын кароо жөнүндө

Дем берүүчү ( үлүштүк ) грантка жазылган К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин имараттын курчоого алуу үчүн жазылган долбоорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары акча каражатын кароо жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин имараттын курчоого алууга дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган жалпы сметалык баасы 3136,457( үч миллион бир жүз отуз алты миң, төрт жүз элүү жети) миң сом болгон долбоорго 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары 219552( эки жүз он тогуз миң беш жүз элүү) миң сом акча каражаты каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төраганын орун  басары

 

М.Э.Темиралиева