Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 12-январы   №103

 

“МТАА АГРО МТБ”  муниципалдык ишкананын

 отчету.

 

“МТАА АГРО МТБ” муниципалдык ишканасынын сезон учурунда аткарылган иштери жана ишкананын киреше-чыгашалары боюнча ишкананын жетекчиси Н.Абдиевдин билдирүүсүн угулуп, талкуулап        Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1.  “МТАА АГРО МТБ” муниципалдык ишканасынын сезон учурунда аткарылган иштери “канаттандыраарлык” деп табылсын.

 

  1. 2024-2026-жылдарга түзүлгөн муниципалдык ишкананын өнүгүү стратегиясынын иш планы бекитилсин.

 

  1. “МТАА АГРО МТБ” муниципалдык ишкананын материалдык  активдерин сактоонун жөнөкөй жана натыйжалуу жолу болгон амортизациялык эсеп ачууну ишкананын жетекчиси Н.Абдиевге  милдеттендирилди.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага                                                                                         А.Тыныбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                     Ак-Дөбө айылдык кенешинин

                                                            28-чакырылышындагы №____сессиясынын

                                                              №_____токтому менентбекитилди

                                                               “_____”________________2024 ж

                                                              Төрага_________________Тыныбеков А.Б.

 

 

 

 “МТАА АГРО МБТ” муниципалдык ишканасынын 2024-2025-2026-жылдарга

өнүгүү стратегиясынын иш планы

 

№

Иш чаранын аталышы

болжолдуу керектелүүчү каражаттын суммасы (сом)

инвестиция, демөөрчүлөр, жеке ишкер, республикалык бюджет

аткаруу мөөнөтү

1.      

CLASS үлгүсүндөгү жер айдоочу тракторун алуу

10 млн.

Жергиликтүү бюджет

өнүктүрүү фонд

2024-жыл

2.      

Бир га жерге бүлдүркөн отургузуу

2 млн.

Жергиликтүү бюджет

өнүктүрүү фонд

2025-2026-ж

3.      

Коомдук мончо салуу

3,5 млн.

Жергиликтүү бюджет

өнүктүрүү фонд

АРИС долбоору

2025-2026-ж

4.      

Балык чарбасын уюштуруу

1 млн.

Жергиликтүү бюджет

 

2024-2025-ж

5.      

Жаштар үчүн интернет-кафе ачуу

1,5 млн.

Жергиликтүү бюджет

долбоор аркылуу

2024-2025-ж

6.      

Жеңил унаа оңдоочу жай куруу (СТО)

1 млн.

Жергиликтүү бюджет

өнүктүрүү фонд

2024-2025-ж

 

“МТАА АГРО МТБ” муниципалдык

ишканасынын жетекчиси:            Абдиев Н.