Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН     КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 12-январы № 104

Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин  төрагасы Ж.Жийдебаевдин  отчету жөнүндө.

 

Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашасынын негизинде жасаган иштери боюнча төрагасы Ж.Жийдебаевдин билдирүүсү угулуп, талкууланып  Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Жийдебаевдин 2023-жыл ичинде жасаган иштери жана бюджетинин киреше-чыгашасы боюнча отчету “канаттандыраарлык” деп табылсын.

 

  1. Жайыт комитетинин отчетунун негизинде кызматтык ДЕЛИКА үлгүдөгү автоунаасынын сатылган акча каражатына УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа сатылып алынсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы М.Алиевге тапшырылсын. 

 

 

Төрага                                       А.Тыныбеков