Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 108
Тилекмат айылынын тургуну А.Усупкановдун ысымын көчөгө
ыйгаруу жөнүндө.
Тилекмат айылынын жаңы конушундагы көчөлөрдүн бирине Тилекмат айылынын тургуну, айыл аймакка эмгеги сиңген Усупканов Асантайдын ысымын көчөнүн аталышына ыйгаруу жөнүндө айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Жийдебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы
токтом кылат:
1. Тилекмат айылынын 0,20 сотых жаңы конушундагы Проектируемый 2 көчөсүнө Усупканов Асантайдын ысымы ыйгарылсын.
2. А.Усупкановдун ысымы ыйгарылган көчөдөгү ар бир үйгө катар номер менен көчөнүн аталышы жөнүндө табличкаларды орнотуу жана көчөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо иштерин көзөмөлдөө жагы уулу Усупканов Жылдызбекке жана балдарына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.Алиевге тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков