Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 109
Айылдык кеңештин иш -планын бекитүү жөнүндө
Айылдык кенештин алдында түзүлгөн финансы- пландоо, социалдык маселелер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 2024-жылда аткарыла турчу иш -пландарын бекитүү жөнүндө туруктуу комиссиясынын төрага, төрайымдарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Айылдык кенештин алдында түзүлгөн финансы- пландоо, социалдык маселелер жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиялардын 2024-жылга түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы- пландоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Баямановго, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Кадыровага жана айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Жийдебаевге жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков