АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII
ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 12-январы № 110
“МТАА АГРО МТБ” муниципалдык ишканасынын балансына ГАЗ-53 маркасындагы автоунааны өткөрүү жөнүндө.
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТАА АГРО МТБ” муниципалдык ишканасынын балансына Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансында турган жана жайыт пайдалануучулар бирикмеси пайланып жүргөн ГАЗ-53 үлгүсүндөгү автоунааны өткөрүп берүү боюнча Турдубек уулу Мирландын билдирүүсү угулуп, талкууланып Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси пайдаланып жүргөн ГАЗ-53 үлгүдөгү автоунаа Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансынан «МТАА АГРО МТБ» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Тыныбеков |