Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ДЕПУТАТТАРДЫН АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ХХVIII

ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 12-январы № 112

            Айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу жөнүндө

 

Ак-Дөбө айыл аймагындагы айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу жөнүндө айылдык кенешинин депутаты У.Казакбаевдин билдирүүсүн угулуп, талкуулап  Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.            Ак-Дөбө айыл аймагындагы айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда, ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректерди жулдуруу боюнча сунуш колдоого алынсын.

 

2.             Айыл аралык көчөлөрдүн жээгиндеги арыктарда өсүп турган тал-теректерди  алдыруу жана инфраструктурага тоскоолдук жараткан курулуштарды жана курулган сарайларды жылдыруу боюнча айыл тургундарына эскертилсин.

 

3.            Ички жана тышкы ирригацияда тигилип өсүп жаткан тал-теректер жер айдоо, эгин чабуу учурунда техникаларга тоскоолдук жаратып жатканы эске алынсын жана жер ээлерине тал-теректерди жулдуруу эскертилип, жулдурулсун.

 

4.            Токтомдун аткарылышын Ак-Дөбө, Мундуз, Аң-ϴстөн, Тилекмат айылынын айыл башчыларына жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М.Алиевге милдеттендирилсин. 

 

Тѳрага

А.Тыныбеков