Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 38-сессиясынын

 

2024-жылдын 12-январы № 39

 

Ак-Булуң айыл аймагынын жайыт жеринен, жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн “Энергопрогресс Кей Джи” ЖЧКна убактылуу ижарага 3,80 га жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө Ак-Булуң айылдык кеңеши             токтом кылат :

1.Ак-Булуң айыл аймагынын жайыт жеринен, жайыт ресурстарын мал жаюуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу үчүн “Энергопрогресс Кей Джи”   ЖЧКна чакан ГЭС курууга №979, №42, №981, №973, №970, № 968, №965, №963, №845, №849, №363, №360, №738, №736  контурларынан  ижарага 3,80 гажер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

    2.Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысына  сунушталсын;

-        Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартибинин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү.

3.Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндөгү жободо көрсөтүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсын.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл суу чарба, жер, өнөр жай курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Алымжан уулу Исламбек