Загрузка документа…
АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 38-сессиясынын
2024-жылдын 12-январы № 40
Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы №992 контурдагы жеке турак жай жайгашкан жер тилкени трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун негизинде Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомунун жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, №992 контурундагы 0,15 га жер тилкесине салынган жеке турак үйү, Түргөн суусунун жээгинен 25 метр алыс аралыкта болгондуктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомунун “Кыргыз Республикасынын суу коргоочу зоналар жана суу обьект тилкелери тууралуу” 5-главасынын 23-пунктуна таянып, 2023-жылдын 06-апрелиндеги №17/а айылдык кеңешинин токтомунун негизинде трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.
Төрага Алымжан уулу Исламбек