Редакцияот 25.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 39-сессиясынын

 

2024-жылдын 25-январы № 45

“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында “Ы. Туманов мектебинин сыртын жылуулоо”  жана “Күн Чыгыш бала бакчасынын сыртын жылуулоонун”  ишмердүүлүгү жөнүндө 

2021-жылдын 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123  “ Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында Ак-Булуң  айыл аймагындагы “Ы. Туманов  мектебинин сыртын жылуулоо” жана “Күн Чыгыш бала бакчасынын сыртын жылуулоо”  боюнча аткарылган иштерге АКИА  АК төрайымы-Нурзада Абдыкалыкованын маалымат-отчетун угуп жана талкуулап                    

Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1.     АИ-3 КК долбоорунун алкагында  Ак-Булуң айыл аймагындагы “Ы. Туманов мектебинин сыртын жылуулоо” жана “Күн Чыгыш бала бакчасынын сыртын жылуулоо” боюнча аткарылган иштерге АКИА АК төрайымы Нурзада Абдыкалыкованын маалымат-отчету кабыл алынсын. (тиркеме 1.)

 

2.     Айыл өкмөт башчысы Э.К.Торогелдиев, АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.

 

3.     Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Э. Торогелдиевке жана айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                   Алымжан уулу Исламбек