Редакцияот 15.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын

2024-жылдын 15-январы № 2/1

Калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн бөлүнө турган  жер аянттарын убактылуу пайдаланууга  берүү  жөнүндө

 

 Ак-Өлөң айылынын  тургундарынын суроо талаптарын аткаруу максатында                          Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап,  Көк- Мойнок  айыл аймагынын айылдык Кеӊеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.               Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу  Ак-Өлөң айылындагы  калктуу конуштарды  кеңейтүү үчүн бөлүнө турган “Ак-Жал”, “Кара-Ой” участкаларындагы  жер аянттары Ак-Өлөң айылынын тургундарына эгин, көп жылдык чөп айдоо үчүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.

 

2.               Жер аянттарын  убактылуу пайдаланууга бөлүп берүү боюнча иш  алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                                 С.Д. Байбосунов