Редакцияот 06.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын

2024-жылдын 06-февралы № 4

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын  11-сентябрындагы №43 жана 25-декабрындагы № 56 токтомдоруна  өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Көк-Мойнок   айыл аймагынын   айылдык ӊешинин  депутаттарынын  сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын  айылдык Кеӊеши  

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын   25-декабрындагы №56 токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын  Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн 2023-жылдын 11-декабрдагы №ПР-0/122 сандуу протоколдук тапшырмасындагы Көк-Мойнок айыл аймагын Балыкчы шаарына кошуу сунушу канаттандыруусуз калтырылсын жана Көк-Мойнок айыл аймагынын жашоочуларынын жалпы жыйналышынын  негизинде Балыкчы шаарын кеӊейтүү үчүн 2200га жер тилкесин тактоолор менен картографиялык материалдарга ылайык бөлүп берүү боюнча сунуш берилсин.

2.    2200 гектар жер аянтын тактоо   боюнча иш алып баруу жагы                   Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө  милдеттендирилсин.

3             Тоң Районунун Көк-Мойнок жана Улахол айыл аймактарын бириктирүү маселеси колдоого алынсын.

4             Көк-Мойнок айылдык кеңешинин  2023-жылдын 11-сентябрындагы №43 токтомунун 2-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. Бириккен айыл аймагы  Саякбай Каралаев  айыл аймагы деп аталсын жана анын борбору Ак-Өлөң айылында жайгашсын.

5.      2200 гектар жер аянтын Балыкчы шаарына кошуу боюнча тиешелүү чечим чыгарып берүү  жагы Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынан  суралсын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Тоң районунун  мамлекеттик администрациясына  жиберилсин.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 Төрага                                                                                  С. Д.  Байбосунов