КӨК - МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын
2024-жылдын 06-февралы № 6
Жер аянтын бɵлүп берүү жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кɵк-Мойнок-2 айылынан Токбаев Кожош Сапаевичтин ижарага алган жер аянтынын ордуна калктуу конуштарды кеңейтүү максатында башка жер аянтын бɵлүп берүү боюнча Кɵк-Мойнок айыл ɵкмɵтүнүн жер адиси Кадырбаев Болотбектин билдирүүсүн жана Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Мойнок айыл аймагына караштуу Кɵк-Мойнок -2 айылындагы №1549 контурдагы “Бак” участкасындагы Токбаев Кожош Сапаевичтин ижарага алган кɵп жылдык бак-дарактар түрүндɵгү 27,0 гектар жер аянты Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-беренесинин 4-бɵлүкчɵсүнүн негизинде коомдук муктаждыктар үчүн башка жер аянтына алмаштырылып бɵлүп берүүгɵ макулдук берилсин.
2. Токбаев Кожош Сапаевичке башка жерден жер аянтын бɵлүп берүү боюнча иш алып баруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага С. Д. Байбосунов