Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

 

2024-жылдын 01-февралы № 5

 

Тогуз-Булак айылынын “2-көчө” көчөсүнө Абдылдаев

Тапыштын ысымын берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОсуна ылайык,  айылдын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун талкуулап, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.              Тогуз-Булак айылынын “2-көчө” көчөсүнө айыл аймагынын Тогуз-Булак айылында үзүрлүү эмгектенип жашап өткөн Абдылдаев Тапыштын  ысымы ыйгарылып, “Тапыш Ата” атындагы көчөсү деп аталсын.

 

2.              Аты берилген көчөнүн тазалыгына, жарыктандыруу, ар кандай ремонт иштерине тынымсыз көмөк көрсөтүү жана айыл өкмөтү тарабынан тапшырылган иш-чараларды аткаруу уулу Тапышов Асанбек Тапышовичке милдеттендирилсин.

 

3.              Көчөгө ат берүү боюнча керектүү кагаздарын 30 күн ичинде бүткөрүшсүн.

 

4. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөт башчысына, көзөмөлү кеңешке калтырылсын.

 

Төрага                                                                                                Б.Барыктабасов