Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨЛ-ТӨР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы

 

2024-жылдын 01-февралы № 4

 

Тогуз-Булак айылындагы сейил бакка Серең Атанын ысымын берүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОсына ылайык, Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап  Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши

токтом кылат:

 

1.              Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы курулуп жаткан сейил бакка Серең Атанын ысымы ыйгарылып, “Серең Ата сейил багы” болуп аталсын.

 

1.              Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Тойчубек Рыспай уулуна, көзөмөлү  пландоо, бюджет, экономика, соц маселелер, реформа боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын..

 

Төрага                                                                                                  Б.Барыктабасов