Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 58

 

МТС “Тазалык сервис” муниципалдык ишканасы жөнүндө

 

       Жаргылчак айылдык кеңештин депутаты А.Султаналиевдин оозеки кайрылуусун карап, талкуулап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22 сессиясы токтом кылат:

 

1.Жаргылчак айыл аймагындагы жашоочуларды айыл чарба жерлерин иштетүүдө техника менен агротехникалык мөөнөтүнөн кечиктирбестен өз убагында тейлөө максатында жайыт комитетинин карамагындагы техникаларды “Тазалык сервис” муниципалдык ишканасына бириктирүү каралсын.

 

2.”Тазалык сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Акуш уулу Уландын кызмат ордун карап, тиешелүү жыйынтык чыгаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

3.Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасы Т.Д.Кызалаковго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                    Т.Д.Кызалаков