Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаргылчак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

 

2024-жылдын 30-январы № 62

Тополёк лагерине  саркынды сууларды тазалоочу жай куруу   жөнүндө

      Айылдык кеңештин депутаты А.Джунушеванын Тополёк лагерине саркынды сууларды тазалоочу жай куруу жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 22- сессиясы токтом кылат 

1.    “Тополёк” лагеринн саркынды сууларды тазалоочу жай куруу үчүн курулуш иштерине  867 752 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Ишебаевге тапшырылсын.

3.    Бул токтомду Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Жаргылчак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ч.Телгозиевага тапшырылсын.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Ургазиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                                     Т.Д.Кызалаков