Загрузка документа…
ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы
2024-жылдын 12-февралы №10
Тамга айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү муниципалдык жер тилкеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аймактарды өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында ишкердикти өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик укуктарын акылуу берүү же болбосо ижарага берүүнүн тартиби жана шарттарынын Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» №571 токтомунун жобосунун негизинде, Тамга айылдык кеӊешинин 2024-жылдын «12» февралындагы протоколунун негизинде айылдык кеӊештин XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясынын жыйыны
токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин «Аймактарды өнүктүрүү жылы» программасынын алкагында ишкердикти өнүктүрүү программасынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы «Муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик укуктарын акылуу берүү же болбосо ижарага берүүнүн тартиби жана шарттарынын Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө» №571 токтому менен бекитилген «Типтүү жобонун» негизинде Тамга айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык менчиктеги Тамга айылынын Ысык-Көл көчөсүнүн № 12 “Б” дарегиндеги жер тилкеси жана имарат мыйзам чегинде аукциондук негизде сатууга коюлсун.
2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде жүргүзүү Тамга айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеӊештин жер, агрардык маселер боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Букаров |