Редакцияот 12.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАМГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVIII чакырылышынын кезектеги II-сессиясы

2024-жылдын 12-февралы № 11

Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн

автоунаалары жѳнүндѳ

 

Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  “NISSAN PATHFINDER” үлгүсүндѳгү 09KG092AD номерлүү автоунаасы жана Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын   2023-жылдын 20-апрелиндеги №137 буйругу менен бекитилген жобого ылайык, комиссиянын чечиминин негизинде “Эң мыкты таза айыл ѳкмѳтү” наамына алган “Fordmaverick” үлгүсүндѳгү  09KG218AAQ номерлүү автоунаасы тууралуу айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап чыгып, Тамга айылдык кеңешинин  XXVIII-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы 

токтом кылат:

1. Тамга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн  “NISSAN PATHFINDER” үлгүсүндѳгү 09KG092AD номерлүү автоунаасын Тамга  айылдык жайыт комитетине жана Жети-Ѳгүз райондук мамлекеттик администрациясынын  2023-жылдын 20-апрелиндеги №137 буйругу менен бекитилген жобого ылайык, комиссиянын чечиминин негизинде “Эң мыкты таза айыл ѳкмѳтү” наамына алган “Fordmaverick” үлгүсүндѳгү  09KG218AAQ номерлүү автоунаасын Тамга айыл ѳкмѳтүнүн “Иштерман ТТ” муниципалдык ишканасына ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу агенттигининрасмий веб-сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.

3.Токтомдун аткарылышын камсыздоону  Тамга айылдык аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы Т.Баямановго жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин алдындагы финансы-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Тѳрага                                                                                                         А.А.Букаров