Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI- сессиясынын

 

2024-жылдын 01-февралы № 242

 

Жаңы курула турган балдар бакчасына өздүк салым катары акча каражатын 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен ашкан каражат эсебинен кароо бөлүүжөнүндө

АРИС долбоору аркылуукурула турган бала бакчанын өздүк салымын кароо жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XXI –сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. АРИС долбоору аркылуу курула турган бала бакчанын өздүк салымы катары 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен ашкан каражат эсебиндеги 1942,4 ( бир миллион тогуз жүз кырк эки миң төрт жүз) сом акча каражаты каралсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Көчөрбаев Айбек Тынчтыкбековичке жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

М.Э.Темиралиева