Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 545 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 29-февралы № 90

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы № 306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 2-пункт "диний ынанымдарын" деген сөздөрдөн кийин ", ден соолугунун абалын," деген сөздөр менен толукталсын;

- 8-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- зарылдыгына жараша альтернативдик кызматтын кызматкеринин күбөлүгүн тапшырууга;";

- 11-пунктта:

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматкери коомдук пайдалуу жумуштарды 48 саат көлөмүндө аткаргандан кийин ага иштеген сааттарынын жана аткарган иштеринин саны жөнүндө маалымкат берет.";

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Белгиленген төгүм толук өлчөмдө төлөнгөндүгүнө байланыштуу альтернативдик кызматтын кызматкерлерин запаска мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө аскер комиссарынын буйругу чыккандан кийин аскер комиссариаты альтернативдик кызматтын кызматкерлерин каттоодон чыгаруу жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына билдирүү жиберет.";

- 13-пункттун бешинчи абзацында "квартал сайын" деген сөздөр алып салынсын;

- 24-пунктта:

үчүнчү абзацта "көлөмдө" деген сөз "өлчөмдө" деген сөзгө алмаштырылсын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Альтернативдик кызматтын кызматкерлери белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндөн кийин мөөнөтүнөн мурда запаска бошотулат.";

- 25-27-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"25. Альтернативдик кызматтын мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген төгүмдү төлөө боюнча карызын толук өлчөмдө төлөбөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери аскер комиссарынын буйругу менен альтернативдик кызматтын кызматкерлеринин каттоосунан чыгарылат жана аты жазылган тизме боюнча аскерге чакырылуучулардын каттоосуна берилет. Ошол эле учурда акчалай төгүмдүн төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте альтернативдик кызматтын кызматкерлерине кайтарылып берилет.

26. Альтернативдик кызмат өтөөдөн баш тарткандыгы үчүн соттолгон альтернативдик кызматтын кызматкерлери сот тарабынан белгиленген айыпты төлөгөндөн кийин же жазасын өтөгөндөн кийин Мыйзамда белгиленген альтернативдик кызмат үчүн толук өлчөмдө белгиленген төгүм төлөнгөндөн кийин гана запаска бошотулат, мында качкан убактысы альтернативдик кызматты өтөө мөөнөтүнө кирбейт.

27. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча чакырылган, кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн же 1-категориядагы запаска киргизүү үчүн мөөнөтүнөн мурда белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөн альтернативдик кызматтын кызматкерлери аскердик даярдык боюнча атайын (окуу) жыйындарды өткөндөн кийин коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган мөөнөттөрдө жана программалар боюнча запаска бошотулат.";

- 28, 33-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;

- 30-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"30. Альтернативдик кызматтын кызматкерине анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыш болуп саналган кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны дайындоо жөнүндө соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн тиркөө менен аскер комиссарынын өтүнүч каты жиберилет.";

- 4-баптын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-бап. Альтернативдик кызматтын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

 

 

 

 

А.Жапаров