Загрузка документа…
ТОГУЗ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2022-жылдын 23-марты № 5
Айыл өкмөтүнүн Бөзөгүл айылына Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауераты акын К.Сабыровдун атын берүү жөнүндө
Тогуз-Булак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз II сессиясы карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бөзөгүл айылынын тургундарынын айылга Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауераты акын К.Сабыровдун атын берүү жөнүндөгү 15.01.2022-жылдагы №1-протоколу бекитилсин.
2. Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Бөзөгүл айылына ,Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауераты акын К.Сабыровдун аты берилсин.
3. Суралсын Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынан жогоруда чыгарылган токтомду бекитүү жана айылга өзүнчө айыл катары макам алып берүү жагы.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Темирбаевге тапшырылсын.
Төрага: | К. Ражапов |