АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык Кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1 - сессиясы
2024-жылдын 7-февралы № 4
2008-жылдын 19-августундагы №467 “ Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” Токтомунун негизинде Джийде айылын аталышын Молдо Асан айылы аталышына өзгөртүү жөнүндө
Ак-Чий айыл Кеңеши Джийде айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин карап, чыгып токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джийде айылынын аталышын Молдо Асан айылынын аталышына өзгөртүлсүн.
2. Джийде айылынын аталышын Молдо Асан айылына өзгөртүүгө керектелүүчү иш-кагаздарды даярдоо жагы Т.Айталиевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Д.Дуйшембиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Абдыкадыр уулу |