АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Чий айылдык Кеңешинин сегизинчи чакырылышынын 1 - сессиясы
2024-жылдын 7-февралы № 5
Ак-Чий айыл аймагындагы муниципалдык менчиктеги Джийде айылындагы ФАПка, Эс алуу паркына жана балдарды эркин күрөш менен машыктыруучу спортзалына айыл ичиндеги эмгеги сиңген жарандардын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Чий айыл Кеңеши Джийде айылынын тургундарынын чогулушунун чечимин карап чыгып, токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Джийде айылынын ФАПна Ак-Чий айыл аймагында эмгеги сиңген фельдшери маркум Кубанычбеков Мухамеджандын ысымы ыйгарылсын.
2. Джийде айылынын эс алуучу паркына Ак-Чий айыл аймагында эмгеги сиңген жооптуу катчысы маркум Токтогулов Койчубайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Джийде айылынын балдарды эркин күрөш менен машыктууручу спортзалына Ак-Чий айыл аймагында эмгеги сиңген эркин күрөш боюнча машыктыруучу Кудайбергенов Сатыбалды Болотовичтин ысымы ыйгарылсын.
4. Джийде айылынын Кара-Суу-1 көчөсүнүн аталышы өзгөртүлүп, Кара-Суу-1 көчөсүнө маркум ардактуу чабан Табышев Аманбек Табышевичтин аты ыйгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы Д.Дуйшембиевага тапшырылсын.
Төрага |
| Н.Абдыкадыр уулу |