КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 28-февралы № 87
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мектепке чейинки билим берүү уюмун өткөрүп берүү жөнүндө
Балдарга мектепке чейинки билим берүүгө шарттарды түзүү, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу жана тартуу, ошондой эле мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Туу айыл өкмөтү, Кызыл-Туу айылы, Батырбек көчөсү, 47 дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,30 га бала бакчанын имаратын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине мектепке чейинки билим берүү уюму катары пайдалануу үчүн өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке кабыл алуу;
- өткөрүп берилүүчү объектти так максаттуу багыты боюнча пайдалануу;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти муниципалдык менчикке мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү;
- өткөрүп берилүүчү объектти сактоону камсыз кылуу жана андан ары ээликтен ажыратууну жүргүзбөө;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектти күтүүнү жана андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 18 (3571) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |