АК ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Эл депутаттарынын VII - чакырылышынын XXVII – сессиясынын
2024-жылдын 29-январы №1
Видео кѳзѳмѳл алууга жана орнотууга макулдук берүү жѳнүндѳ
Ысык-Кѳл облусунун ички иштер башкармалыгы, Тоӊ райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Ш.Илимгазиевдин кайрылуусу угулуп, талкууланып, Ак-Терек айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Терек айыл аймагынын Кызыл-Туу айылына, Бар-Булак айылына жана үстүнкү ѳрѳѳнгѳ кетчү жол каттамына жалпысынан үч видео кѳзѳмѳл алууга жана орнотууга бюджеттен акча каражаты каралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы Ак-Терек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.А. Калыковго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Т. Үсѳновго милдеттендирилсин.
Төрага А.А. Мамбетов
Жооптуу катчы М.Б. Эсеналиева